Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11 журналисттин камалышы, 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинин тинтилип, редакторлорунун суракка алынышы боюнча алгачкы жолу пикирин билдирди.
19-январда өкмөттүк "Кабар" маалымат агенттигиндеги маегинде президент укук коргоо органдарынын аракеттерин кубаттап, "бул өлкөнүн улуттук коопсуздугуна түздөн-түз тийиштүү" экенин айткан.
Садыр Жапаровдун маеги 11 журналисттин камакка алынышына байланыштуу бир катар мамлекеттер, эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигинин атына байма-бай кайрылууларды жолдоп, журналисттерди бошотууга жана алардын тоскоолдуксуз иштөсүнө шарт түзүүгө чакырыктар жасалып жаткан учурда жарыяланды.
17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 медиа кызматкер эки айга камалган. Сот алар 13-мартка чейин Бишкектин тергөө абагында (СИЗО-1) отурат деген чечим чыгарган.
Президент эркин медианы колдогон гранттар "башка максатта пайданылган" деп эсептейт
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде Кыргызстандагы сөз эркиндиги, медиа-коомчулукту жана көз карандысыз журналистиканы колдоо үчүн бөлүнгөн гранттык каражаттар “туура эмес багытта” колдонулуп жатканын айтты. Ал өлкөдөгү көз карандысыз журналисттер, блогерлер ар кайсы эл аралык уюмдардан каржылык колдоо алып келгенин белгилеп, грант алган делген медиа мекемелерди жана журналисттерди атаган.
“Бул гранттык каражаттар сөз эркиндиги, медиа коомчулукту колдоо, көз карандысыз журналистиканы өнүктүрүү боюнча ж.б.у.с. долбоорлордун алкагында бөлүнүп жатканын түшүнүп турабыз. Бирок иш жүзүндө тийиштүү гранттык каражаттар өз максатына жумшалбай – бийликти жаман көрсөтүү, мамлекеттик бийликти каралоо, коомдун тынчын алуу, конституцияга каршы чакырык кылуу жана жалпысынан улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан жалган маалыматтарды таратуу саясаты жүргүзүлүүдө”, - деген президент мындай маалыматтар кайсы булактан алынганын тактаган эмес.
Мамлекет башчы акыркы аракеттерди сөз эркиндигине басым же коркутуп-үркүтүү дегенге кошулбай турганын да билдирген.
“Эч кандай коркутуулар жок жана болушу да мүмкүн эмес. Элибизди бир нерсе менен коркута алабызбы? Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, бар жана боло берет. Бир гана нерсе, жалпыга маалымдоо каражаттарынын чөйрөсүн, биринчи кезекте улуттук коопсуздукту жөнгө салган мыйзамдарды сакташыбыз кажет. Бүгүнкү күндө салттуу журналистика менен атаандашкан социалдык тармактар аркылуу коомдук пикирди калыптандыруу кадыресе көрүнүшкө айланды. Мындай шартта ар бир жаран журналист болобу, блогер болобу, коомго пайда алып келүү ниети менен бирге ар бир тараткан сөзү үчүн жоопкерчиликтүү экенин түшүнүүгө тийиш. Биз сапаттуу журналисттик иликтөөнү колдойбуз. Бирок блогерлер көпчүлүк учурда фактыларды бурмалоо, «бөйрөктөн шыйрак чыгаруу» же манипуляциялоо менен алектенип, коомду адаштырып жатышат. Алардын материалдары божомолдор эмес, фактылар менен ырасталышы зарыл, алар ушак эмес, маалыматтарды камтууга тийиш. Биз коомдогу көп пикирдүүлүктү колдойбуз, бирок мамлекеттин кыйрашына, атап айтканда, жоопкерчиликсиз эркиндикке каршыбыз. Биздин эркиндигибиз күзөттө туруп, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргошу абзел", - деген мамлекет башчы маегинде.
Ал эми 24.kg агенттигинин ишине токтолгон Садыр Жапаров ал боюнча “согушту пропагандалоо” беренесине ылайык, кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатканын белгилеген.
Кыргыз бийлигине жолдонгон билдирүүлөр
11 журналисттин камакка алынышына байланыштуу кыргыз бийлигинин атына кайрылуулар байма-бай жасалууда. Иликтөөчү журналисттердин тобу менен камакка алынышына байланыштуу соңку күндөрү Европа мамлекеттери, Орусиядагы эркин журналисттер тобу, Улуу Британиянын элчилиги, АКШнын мамлекеттик департаменти билдирүү кылышты. Ага чейин да жоон топ эл аралык уюмдар журналисттердин камалышына камтамасын билдирип, кыргыз бийлигине кайрылышкан. Булардан тышкары жергиликтүү журналисттер, медиа уюмдар да камалган журналисттерди тезинен бошотууга чакырышкан.
20-январда мындай кезектеги кайрылууну Кыргызстандагы Журналисттик иликтөөлөр фонду (ЖИФ) жасады. Фонд эки айга камакка алынган журналисттерге каршы мыйзамсыз аракеттерди токтоосуз токтотууга жана журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүүсүн камсыздап берүүгө бийликти чакырды. Аталган фонд Кыргызстанда журналисттердин жапырт камалып, 24.kg маалыматтык агенттигинин кеңсесин тинтүүгө алып, кылмыш иштеринин козголушуна байланыштуу ачык кайрылуу жасады. Кайрылууда тинтүү жана сурак учурунда бардык камакка алынгандардын адвокаттар менен камсыз болбогону өзгөчө тынчсызданууну жаратары белгиленген.
"Өлкөнүн Конституциясына ылайык, ар бир жаран эркин ой жүгүртүүгө жана өз пикирин эркин билдирүүгө ажырагыс укугу бар. Журналисттер кесиптик ишмердүүлүгүн эркин жүргүзө алышат. Кесиптик ишмердүүлүк менен алектенген журналисттерди кармоо улуттук мыйзамдарды жана эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди бузуу болуп саналат.
Мамлекетти өнүктүрүүнүн жана коомдун кызыкчылыктарын камсыз кылуунун негизги факторлорунун бири катары журналисттик иликтөөнүн маанисине көңүл буруу зарыл. Иликтөөчү журналисттер өлкөдөгү коррупция, бюрократия жана мыйзамсыз иштер тууралуу коомчулукка маанилүү маалыматтарды берип, коомдук байкоочу катары кызмат кылышат", - деп жазылган кайрылууда.
Аталган фонд журналисттик иликтөө мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын камсыз кылып, коррупцияга каршы күрөштө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына олуттуу жардам көрсөтөрүн, мындай материалдар коомчулукта чоң резонанс жаратып, жарандар менен бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда зарыл диалогду камсыздай турганын белгилеген.
"Кыргызстан сөз эркиндиги менен сыймыктанып келген"
19-январда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро менен телефондон сүйлөштү. Бул сүйлөшүү ЕККУнун демилгеси менен болгонун министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
“Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун сөз эркиндигин жана ЖМК эркиндигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кызматташуу маселелерин жана бул багыттагы күн тартибин талкуулашты”, - деп айтылат маалыматта.
Бул сүйлөшүү Кыргызстанда 11 журналист камакка алынгандан кийин сөз эркиндиги жана жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу талкуу кызуу жүрүп жаткан маалга туш келди.
19-январда Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Австриянын, Бельгиянын, Финляндиянын, Франциянын, Германиянын, Латвиянын, Литванын, Нидерланддын, Португалиянын, Испаниянын жана Швециянын элчиликтери Кыргызстанда журналисттердин кармалышына байланыштуу тынчсыздануусун айтышып, биргелешкен билдирүү жарыялашкан.
Кайрылуу жолдогондор кыргыз бийлигин адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерин сактоого, журналисттердин укуктарын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин коргоого, ошондой эле адвокаттардын катышуусу менен тергөө иштерин мыйзам чегинде жүргүзүүгө чакырышкан.
“Ар түрдүү пикирлерди билдирүү жана көз карандысыз журналистика жалпы адам укуктарын жана сөз эркиндигин ишке ашыруунун негизги мүнөздөмөлөрү болуп саналат”, - деп айтылат билдирүүдө.
Ушул эле камоолорго байланыштуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги дагы 19-январда билдирүү жасады. Инстаграммдагы баракчасында элчилик журналисттердин айланасындагы акыркы окуялар өлкөдөгү сөз эркиндигине кооптуу жагдай жаратканын жазган:
"Кыргызстан ар дайым эркин маалымат каражаттары жана сөз эркиндиги менен сыймыктанып келген. Көз карандысыз маалымат каражаттары өлкөдө бардык демократиялык коомчулук үчүн зарыл. Журналисттер элди маалымат менен камсыздап, коомдогу ачыктыкты камсыздоодо чоң рол ойнойт. Биз бийликти журналисттердин ишмердүүлүгүнө эркин жана коопсуз шарт түзүп берүүгө чакырабыз."
Журналисттердин камалышына АКШнын бийлиги дагы кабатырлануусун билдирген. 18-январда АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтына жарыяланган билдирүүдө маалымат катчы Мэтью Миллер Кыргызстандагы жагдайга реакциясын айтты:
“Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасында өкмөттүн көз каранды эмес маалымат каражаттарына жана журналисттерге каршы соңку аракеттери тууралуу билдирүүлөргө терең тынчсызданууда. Бул аракеттер, кыязы, өкмөт коомдук талкууну жана сөз эркиндигин баскысы келгендей ишмердүүлүк сыяктуу көрүнүүдө. Биз кыргыз бийлигин журналисттерге басым-кысымсыз иштөө шартын камсыз кылууга чакырабыз. Эркин жана көз каранды эмес басма сөз адам укуктарын коргоо, натыйжалуу демократиялык институттарды колдоо жана тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн маанилүү.”
18-январда Орусиядагы бир катар эркин медиалардын өкүлдөрү да Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы кызматкерлерин коркунучтуу кылмышкерлердей таң заардан жапырт кармап, эки айга камакка алынышын сынга алышкан.
Алар акыркы жылдарда Кыргызстанда көз карандысыз бир нече журналситтик иликтөө жүргүзгөн күчтүү мектептер пайда болгонун, алар президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев сыяктуу бийликтеги адамдарга байланыштуу бир катар материалдарды даярдаганы айтылат.
“Акыркы учурда "массалык башаламандыкка чакырык" деген айып менен дароо 11 журналисттин камакка алынышы эң жаман кооптонууну тастыктады: кыргыз бийлиги жарандык коомго согуш жарыялап, репрессияны курал катары тандап алууда. Анан, албетте, мындай репрессиялар - Кыргызстанда журналисттик иликтөө менен алектенем дегендердин баарына иликтөнүн бутасы болбой турган темалар бар экенин көрсөттү”.
Орусиялык журналисттер дүйнө коомчулугун мындай окуяларга кайдыгер карабоого чакырган.
Эл аралык уюмдардын кайрылуулары
Буга чейин Human Rights Watch уюму, Адам укуктары боюнча Хелсиньки комитети баштаган бир катар адам укуктары жана сөз эркиндиги жаатындагы эл аралык уюмдар дагы он бир журналисттин камалышынан улам Кыргызстандын бийлигин эркин медианын ишине шарт түзүүгө, камалгандарды тез арада чыгарууга жана БУУнун конвенциялары алкагында өз мойнуна алган милдеттерин аткарууга чакырган.
Алардан тышкары өлкөдөгү абалга "Жарандык укуктардын коргоочулары", Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети, People in Need, Адам укуктары боюнча эл аралык федерация, Кыйноолорго каршы эл аралык уюм жана Укук коргоочуларды коргоо обсерваториясы баштаган бир катар эл аралык уюмдар билдирүү жарыялашты.
17-январда баш кеңсеси Австриянын борбору Вена шаарында жайгашкан "Эл аралык басма сөз институту" (International Press Institute, IPI) Кыргызстанда бийликти сындаган макалаларын жарыялагандан кийин камакка алынган 11 журналисттин тез арада бошотулушун талап кылды.
Уюмдун сайтына жарыяланган билдирүүдө көптөгөн жылдар бою Борбор Азия аймагында сөз эркиндигинин жана жарандык эркиндиктердин үмүтү катары саналып келген Кыргызстан 2021-жылдан бери журналисттер жана саясий активисттер үчүн кооптуураак өлкөгө айланганы белгиленди.
"Аткаминерлердин ишин чагылдырганы үчүн жооп катары аларды жапырт камоо - бул сөз эркиндигине болгон чоң кол салуу. Ыктымал мыйзам бузуулар тууралуу жазгандарды башаламандыкка үндөөгө теңөө акылга сыйбаган нерсе", - деди IPI директорунун орун басары Скотт Гриффен.
Эл аралык Amnesty International уюму да Кыргызстанда журналисттердин жапырт камакка алынганына тынчсыздануусун айтты.
"Кыргыз бийлиги башка пикирди карманган жарандарга кысымды токтотуп, кармалган журналисттерди жана өз оюн ачык билдиргени үчүн абакка кесилгендерди бошотушу керек”, - деди Amnesty International уюмунун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Мейзи Вайхердинг.
17-январда Страсбургда Европарламентте Борбор Азия боюнча резолюция добушка коюлуп, жактырылды. Аны парламенттеги 629 депутаттын 543ү колдоду. Резолюцияда «Борбор Азиянын бийлик башындагы авторитардык режимдери адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин сакташы керектиги» айтылган.
Документтин автору Европарламенттин депутаты Карстен Люкке резолюция тууралуу “Азаттыкка” курган маегинде Кыргызстанда журналисттердин жапырт кармалып жатышына тынчсыздануусун билдирди.
Кыргыз бийлиги эмне дейт?
Өз кезегинде бийлик өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин белгилеп келет.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бул окуяларды “майда маселе” катары баалап, ага парламентте көңүл буруунун зарылдыгы жоктугун, ким күнөөлүү, ким айыпсыз экендигин сот аныктарын 17-январда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып белгиледи:
“Биринчи жоопкерчилик болуш керек. Кайсы бир сырттагы уюмдардан каржылангандар Кыргызстандын стабилдүүлүгүнө, өсүп жаткан экономикасына терс таасирин тийгизбей койбойт. Журналистикага жамынган, өздөрүн журналист деп эсептеген блогерлердин ээн ооздугунан өлкөдө ар кандай пикирлер бар. Бизде сөз эркиндиги бар. Ким эмне кааласа айта алат, дей алат.”
“Азаттыктын” бул окуяларга байланыштуу талкуусуна келген маалда Маалымат, маданият, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Кыргызстанда сөз эркиндиги бардыгын, кыргыз журналистикасынын өзү терең кризисте экенин жана алар жаңы доордун талаптарына жооп бере албай, “балалык оорудан” чыгалбай жатканын айткан болчу.
Журналисттерге байланыштуу жагдайга парламентте да айрым депутаттар кайрылышты. Эл өкүлү Балбак Түлөбаев 18-январдагы сессияда президент Садыр Жапаровду медиа коомчулук менен диалогго барууга чакырды. Ал ошол эле маалда журналисттер тазаланып, негизсиз жерден каралаган материалдарды токтотуу керектигин билдирди:
“Парижде, Токиодо, Нью-Йоркто жана Вашингтондо отурган эксперттер биздин ички саясатыбызды үтүр-чекитине чейин билбейт. Ошондуктан өлкөдөгү өзүбүздүн журналисттер менен сот, прокуратура, ички иштер органдарын жаныңызга алып алып сүйлөшүңүз. Медиа коомчулук менен мунасага келиңиз. Азыр жөнөкөй көрүнгөнү менен алдыда залакасы тиет. Өлкөбүз өсүп-өнүгүп келатат. Эч кимге жалдырабай өзүбүздүн саясатты жүргүзгөнгө аракет кылып атабыз. Бирок ушуга окшогон кээ бир нерселер залакасын тийгизет. Ошон үчүн журналисттерди чогултуп сүйлөшүңүз”.
Депутат Дастан Бекешов бийликти журналисттерди душман катары эмес, жардамчы катары карашы керектигин айтса, Элвира Сурабалдиева азыркы мамлекет башчысы камакта жатканда дал ушул журналисттер аны коргогонун эске салды.
11 журналистти камаган иш
17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист, кызматкер, активисттер эки айга камакка алынган. Сот аларды 13-мартка чейин Бишкектин тергөө абагында (СИЗО-1) отурат деген чечим чыгарган.
Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен (“бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу”) менен козголгон кылмыш ишинин негизинде аларды 16-январда таң бүрүлдө ар бирин үйүнөн кармап кеткен.
Кармалгандардын баары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтышты.
Камакка алынгандар – “Темиров LIVE” редакциясынын кабарчысы Айке Бейшекеева, кызматкерлери Акыл Орозбеков жана Максат Тажыбек уулу, редакциянын мурдагы кабарчысы Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштеген Тыныстан Асыпбеков.
Андан мурда - 15-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, компьютерлерди конфискациялап, медианын директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатканы маалым болду, бирок атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча тергелип жатканын айта элек.
17-январда Бишкекте жергиликтүү медиа уюмдардын өкүлдөрү да жыйын куруп, журналисттердин жапырт камалышына тынчсыздануусун билдиришти. Алар сөз эркиндигине басым жасоо, журналисттерди куугунтуктоо өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келерин, журналисттердин үйүн таң эрте тинтип, өздөрүн коркунучтуу кылмышкерлердей кармап кеткенин кескин айыпташты. Медиа-эксперттер президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, журналисттер менен диалогго баруу керектигин айтышты. Бийлик тараптан буга азырынча реакция боло элек.