Достук кичирайонуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасында тик учак кырсыгынан каза болгон аскер Жайыл Самудиновдун сөөгү 19-январда Бишкекте жерге берилди. Маркум менен коштошуу зыйнаты борбордогу үйүндө өттү.
17-январда Бишкектеги “Фрунзе-1” авиабазасында машыгуу учурунда Ми-8МТВ аскердик тик учак кулаган. Кырсыктан экипаждын командири, 29 жаштагы капитан Жайыл Самудинов каза тапкан.
Коргоо министрлиги бортто жалпы 11 киши болгонун кабарлап, калгандары ооруканада дарыланып жатканын билдирген. Окуя боюнча кызматтык териштирүү башталып, бир нече кызматкер жумуштан убактылуу четтетилген.
Жайыл Самудинов 2018-жылы Орусиянын Самара облусундагы Сызрань шаарында жайгашкан аскердик-авиациялык окуу жайын аяктап, ошол эле жылы Кыргызстандын Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн 23 565 номурлуу аскердик бөлүгүнө кызматка кирген. Эки ай мурун Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабына учуу коопсуздугун көзөмөлдөгөн учкуч инспектор болуп которулган.
Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу болчу. (BTo)
Дагы караңыз
Салык кызматы "Берекет Универсалдан" контрафакт тамеки табылганын билдирдиЖогорку сот кыйноого кабылган адам боюнча кылмыш ишин жандантуудан баш тарттыУКМК Көлбаевдин автоунаасы атайын кызматка берилгенин четке кактыЕвробиримдик жана бир нече элчилик журналисттердин кармалышы боюнча кыргыз бийлигине кайрылдыБылтыр малдын жугуштуу ылаңынын 86 очогу катталдыУКМК “Берекет” базарынын жетекчилерин кармады“Ихсан” кооперативи жабырлануучуларга 700 млн сом чыгым келтиргени аныкталды