Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Былтыр малдын жугуштуу ылаңынын 86 очогу катталды


Ылаңдаган мал. Иллюстрациялык сүрөт
Ылаңдаган мал. Иллюстрациялык сүрөт

Былтыр Кыргызстанда малдын жугуштуу ылаңынын 86 очогу катталды. Анын 36сы кутурма, экөө күйдүргү, экөө бруцеллез жана башка ылаңдардын очоктору бар. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов 19-январда маалымат жыйынында билдирди. Шарапов өлкөдө кутурма оорусу боюнча эпизоотикалык абал оор бойдон калып жатканын белгиледи.

"Кутурма оорусу боюнча республиканын бир катар аймактарында абал жакшы эмес. Былтыр кутурма оорусуна каршы 228,1 ит эмдөөдөн өткөн. Кутурма оорусуна каршы күрөшүү максатында 20 миң 334 жолбун ит атылган", - деди Шарапов.

Анын сөзүнө караганда, бардык ылаңдардын очоктору чектөөгө алынып, атайын ветеринардык-санитардык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Шарапов өлкөдө учурдагы өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар боюнча абал туруктуу экенин белгиледи.

Анын маалымдашынча, быйыл мамлекет вакцина жана мал ылаңын аныктоого 87 млн сом бөлүп жатат. Учурда мал-жандыктарды күйдүргүгө каршы алдын ала эмдөө жүрүп жатат.

Кыргызстанда акыркы убактарда кутурма илдети жайылганы кабарланууда. Жаныбарлардан кишилерге жуккан учурлар катталган. Былтыр октябрь айынын башында Ошто 12 жаштагы бала кутурма оорусун жуктуруп алгандан кийин каза болгон.

Кыргызстандагы эпизоотикалык абалга байланыштырып, Орусия, Казакстан эт-сүт азыктарын сатып алуудан баш тарткан учурлары бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG