УКМК “Берекет” базарынын жетекчилерин кармады

Болотбек Бегалиев жана Индира Абласова УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Бишкектеги “Берекет Гранд” жана “Берекет Универсал” соода борборлорунун негиздөөчүсү Болотбек Бегалиев менен башкы директору Индира Абласова алдамчылыкка шек саналып кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, тергөөдө “Берекет” жабык акционердик коомунун жетекчилери 2017-жылдан бери ижарачыларды соода комплекстериндеги коммерциялык жайларды сатып алуу жана сатуу боюнча жалган келишимдерди түзүүгө мажбурлашкан. Алардын баасынын чарчы метри 500дөн 2000 долларга чейин болгону, мындан тышкары ишкерлерди 500дөн 1000 долларга чейин көмүскө компенсация төлөөгө мажбурлашканы айтылат.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 19-январда “Берекет” ишканасынын негиздөөчүсү Болотбек Бегалиев жана компаниянын президенти Индира Абласова кармалып, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“Өз кезегинде, соодагерлер үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында ижара акысынын 30% арзандагандыгы тууралуу маалымат каражаттарына такталбаган маалымат таратышып, “Берекет” жабык акционердик коому ижарачылардын 90% ижара акыны 10% гана төмөндөтүшкөн”, - деп айтылат маалыматта.

Болотбек Бегалиев 2015-жылы “Республика – Ата-Журт” партиясынан, 2021-жылы №25 Аламүдүн шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Анын адвокаттары менен жакындары азырынча комментарий бере элек.

Былтыр 6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү” деп билдирген.

Бул окуядан кийин Кыргызстандагы бир катар базар ээлери видео кайрылуу жолдоп, ижара акыларын төмөндөткөнүн билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Түркиянын алгачкы астронавты космоско учтуKloop порталын жабуу боюнча сот 25-январга жылдырылдыБритан элчилиги Кыргызстандагы сөз эркиндигине кабатырлыгын билдирдиОрусиялык көз карандысыз журналисттер кыргызстандык кесиптештери боюнча кайрылуу кылдыКонгресс өкмөттү убактылуу колдоочу мыйзам долбоорун кабыл алдыТүркмөнстанда президенттин сүрөтүнө элден акча чогулта башташты