Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

Конгресс өкмөттү убактылуу колдоочу мыйзам долбоорун кабыл алды


Конгресс.
Конгресс.

АКШнын өкүлдөр палатасы бейшембиде федералдык өкмөттү март айына чейин каржылоо жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзамга 314 конгрессмен макулдук берди, 108и каршы болду. Каршы добуш бергендердин 106сы республикачылар, экөө демократтар.

Мурдараак мыйзам долбоорун Сенат карап, жактырган. Сенатта мыйзам долбоору 77 добушка ээ болуп, 18и каршы чыкканын Reuters маалымдады.

Көпчүлүгүн демократтар түзгөн Сенат жана республикачылар басымдуулук кылган Конгресс өкмөттү бир жылга каржылоо озуйпасын аткарууну өтө эле кечиктирип жатышканын "Америка добушу" радиосу жазды.

Ушуну менен федералдык өкмөттүн ишин убактылуу каржылай туруучу үчүнчү мыйзам кабыл алынды. Мыйзам 1-8-мартка чейин - өкмөттүк мекемелердин төлөмдөрүнөн кутулганча иштейт.

Добуш берүүнүн алдында демократ Жош Готтхаймер мыйзам долбоору кабыл алынбаса, өкмөттүк мекемелер жабылышы ыктымалдыгын айткан. Анын сөзүнө караганда, майыптыгы үчүн жөлөк пул алып келген согуш ардагерлеринин абалы начарламак. Учактардын коопсуздугун текшерген кызматтар жоюлуп, Айыл чарба министрлиги аркылуу берилип жаткан насыялар жана башка өкмөттүк кызмат көрсөтүүлөр токтотулмак. Ошол эле учурда 1 млн аскер кызматкерлери айлык акысын убактылуу албай калышарын "Америка добушу" белгиледи.

АКШ Конгрессинде быйылкы жылдын федералдык бюджети макулдашуудан өткөнү 7-январда белгилүү болгон.

Ак үйдүн сайтына жарыяланган билдирүүдө маалымдалгандай, быйылкы жылдын бюджети 1,6 триллион доллар болот жана бул “АКШны шатдаундан сактап калууга, улуттук артыкчылыктарды коргоого жакындатат”.

АКШда каржылык жыл октябрь айынан тартып башталат. 2023-жылдын ноябрында федералдык өкмөттүн ишин убактылуу каржылоо мыйзамы кабыл алынган.

Конгресс бул маселе 19-январга жана 2-февралга чейин чечилиши керек деген чек койгон.

XS
SM
MD
LG