Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Түркиянын алгачкы астронавты космоско учту


Экипаждын курамы - Михаэл Лопез-Алегри, Уолтер Вилладеи, Алпер Гезеравжы жана Маркус Вандт.
Экипаждын курамы - Михаэл Лопез-Алегри, Уолтер Вилладеи, Алпер Гезеравжы жана Маркус Вандт.

Төрт кишиден турган, анын ичинде Түркиянын биринчи астронавты бар экипаж Эл аралык космос станциясына SpaceX ракетасы менен бейшембиде учушту. Экипаждын курамында NASAнын мурдагы астронавты, космоска алтынчы ирет учуп жаткан Михаэл Лопез-Алегри, италиялык аскердик учкуч, космоко экинчи жолу көтөрүлүп жаткан Уолтер Вилладеи, Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн учкучу, астронавт Алпер Гезеравжы жана Европанын космос агенттигинин астронавты, швециялык Маркус Вандт бар. Түркиялык жана швециялык астронавттар аалам мейкиндигине алгачкы жолу чыгып жатышат.

CNN телеканалы түрк астронавты Түркия мамлекетинен космоско көтөрүлгөн алгачкы жаран болуп жатканын белгиледи.

Бул жеке космос компанияларынын күчү менен Эл аралык космос станциясына учурулуп жаткан үчүнчү пилоттук экспедиция.

Илон Масктын компаниясына таандык Crew Dragon космос кемеси орбиталык станцияга ишембиде жалгашы мерчемделген.

XS
SM
MD
LG