Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Британ элчилиги Кыргызстандагы сөз эркиндигине кабатырлыгын билдирди


Британиянын Кыргызстандагы элчилиги журналисттердин үйлөрүн тинтүү менен жапырт кармалышына жана 24.kg маалымат агенттигинин жетекчилеринин суракка алынышына байланыштуу кабатырлыгын билдирди. Элчилик билдирүүсүн Инстаграммдагы баракчасына жарыялап, журналисттердин айланасындагы акыркы окуялар өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына кооптонуу жаратканын жазды.

"Кыргызстан ар дайым эркин маалымат каражаттары жана сөз эркиндиги менен сыймыктанып келген. Көз карандысыз маалымат каражаттары өлкөдө бардык демократиялык коомчулук үчүн зарыл. Журналисттер элди маалымат менен камсыздап, коомдогу ачыктыкты камсыздоодо чоң роль ойнойт. Биз бийликти журналисттердин ишмердүүлүгүнө эркин жана коопсуз шарт түзүп берүүгө чакырабыз", деп билдирди элчилик.

Журналисттердин жапырт кармалып, камалышынан улам Кыргызстандын бийлигин журналисттердин эркин иштөөсү үчүн шарт түзүүгө бир катар эл аралык уюмдар да чакырууда.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист, кызматкер, активист эки айга камакка алынды. Сот алар 13-мартка чейин Бишкектин тергөө абагында (СИЗО-1) отурат деген чечим чыгарды.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.

Ички иштер министрлиги алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык тартипсиздиктер) 3-бөлүмү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу) менен козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалышканын билдирген.

Кармалгандардын баары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтып жатышат.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, жабдыктарын конфискациялап, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатканы маалым болгон, бирок атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек. Маалымат агенттигинин жетекчилери УКМКга 17-январда да сурак берип чыгышты.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, активисттер, юристтер Кыргызстандагы соңку окуяларга камтамасын билдирип жатышат.

Кыргызстанда бийлик сөз эркиндиги камсыздалганын белгилеп келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG