Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:08

Түркмөнстанда президенттин сүрөтүнө элден акча чогулта башташты


Түркмөнстан.
Түркмөнстан.

Түркмөнстанда өлкө президенти Сердар Бердымухамедовдун жана анын атасы, Халк маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун жаңы сүрөттөрүн, жылдын урааны жазылган плакаттарды даярдоого, көчөлөргө илүүгө элден акча чогулта башташканын бүгүн 18-январда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы билдирди.

Балкан велаятынын жашоочулары радионун кабарчыларына айтып беришкендей, мектепте иштеген мугалимдердин ар биринен плакатка 25 манат, жаңы портреттерге 65 манат, президенттин жаңы китебине 148 манаттан (40 доллардай) алып жатышат. Акчасы жетпеген мугалимдер окуучулардан 10 манаттан чогулткан мектептер да бар экени кабарланды.

Буга чейин Жаңы жыл майрамына жасалгалоо үчүн да акча элден чогултулганы маалымдалган.

Экономикалык кризисти башынан кечирип жаткан бул өлкөдө ар жыл сайын жаңы ураан тандалат. Быйылкы жылга Гурбангулы Бердымухамедовдун «Махтумкули Фрагинин акыл кенчи» ырынан үзүндү алынган.

Ураан алмашкан сайын өлкөнүн бардык аймактарында жазуулар, билборддор жаңыланып турат.

Быйыл маянасы бюджеттен төлөнүүчү жумушчулар менен кызматкерлер үчүн өзгөчө чыгашалуу жыл болушу ыктымал экени айтылууда, себеби президент Сердар Бердымухамедов элге өзүнүн «Жаштар – Мекендин таянычы» деген алгачкы китебин «тартуулады». Аны сатып алуу керек. (RK)

XS
SM
MD
LG