Коргоо министри тик учак кырсыгында жабыркагандарды көзөмөлгө алды

Коргоо министри Б. Бекболотов жаракат алган кызматкердин абалын сурап жатат. Бишкек. 18-январь, 2024-жыл.

17-январда Бишкекте тик учак кырсыгында жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалы Коргоо министринин көзөмөлүндө болот. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

18-январда коргоо министри Бактыбек Бекболотов Улуттук госпиталда жана клиникалык тез жардам ооруканасында дарыланып жаткан аскер кызматкерлеринин абалы менен таанышты.

Бекболотов жабыр тарткандар тийиштүү дары-дармектер менен камсыздалып жатканын айтты.

17-январда Бишкекте Достук кичи районуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасында Ми-8 аскердик тик учак кулап, андагы экипаждын бир мүчөсү каза болгон. Сегиз адам түрдүү жаракаттар менен ооруканага, анын ичинде төрт киши Тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 18-январда Саламаттык сактоо министрлиги алардын экөө палатага которулганын маалымдап, кырсыкта жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалы туруктуу экенин билдирди.

Коргоо министрлиги бортто жалпы 11 киши болгонун кабарлап, тик учак кырсыгы боюнча кызматтык териштирүү башталганын кабарлаган.

Окуяга байланыштуу бир нече кызматкер жумуштан убактылуу четтетилди. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, мындай чечим тик учак кырсыгын бейтарап иликтөө үчүн кабыл алынган. (ZKo)

Дагы караңыз

“Чыдап кой”. Кыз-келинди ким коргойт? Пакистан Ирандын аймагына бир нече жолу сокку урдуAmnesty International камалган журналисттерди бошотууга бийликти чакырдыДепутат Сурабалдиева: Саясатчылар сынга чыдашы керекЕвропарламент депутаты: Журналисттердин кармалышына кабатырбыз Активист Өндүрүш Токтонасыровдун сот иши убактылуу токтоду