Милиция чара көрбөгөн бир канча окуялардан кийин коомчулукта мыйзамдуулукка болгон ишеним азайган.
Бул макалада зордук-зомбулукка өбөлгө түзгөн факторлорду карап чыгууга жана гендердик мүнөздөгү коркунучтардан арылып, эркин, коопсуз чөйрөнү түзүү үчүн кандай кадамдар зарыл экенин түшүнүүгө аракет кылабыз.
Жазылбаган мыйзамдын кесепети
2024-жылдын алгачкы күндөрүндө Кадамжай районунда 23 жаштагы Айкыз Калмурза кызынын өлтүрүлүшү үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйү тереңдеп кеткенин дагы бир жолу ачыкка чыгарды.
Айкыздын тагдыры көптөгөн аялдар туш болгон коркунучтуу чындыкты гана чагылдырбастан, зулумдукка каршы күрөштүн натыйжасы аз экенин да көрсөткөндөй болду. Анткени алты ай мурун да күйөөсү токмоктогон Айкыз он күн ооруканада жатып, бир туугандары милицияга кайрылган.
"Бирок ал арыз каралбай, жыйынтыгы тууралуу жооп да кайтарылбай кала берген. Ошондо чара көрүлгөндө, азыркы окуя болбой калат беле?" – дейт Айкыздын агасы Нургазы Пиржанов.
Ажырашам деген келинди күйөөсү бир канча убакыттан кийин “эми урбайм” деп кайра үйүнө алып кеткен. Бирок бул убада аткарылган жок, үй-бүлөдөгү эркектин өкүмзорлугу Айкыздын каргашалуу өлүмү менен аяктады.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) эсебинде, 2021-2022-жылдары өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгон. Жылына 10 миңдей аял зомбулукка кабылып, мындай учурлардын 98% эркектер күнөөлүү экени аныкталган.
2023-жылы 13 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп.
Көбүнчө кыз-келиндердин өзүнүн жакындары “чыдап кой, баары ордуна келет” деп зөөкүрлүккө баш ийдирип, алар "тилин тиштеп", унчукпай жашап жүрө берерин укук коргоочулар нечен кур айтып келатышат. Бирок “чыдап кой” деген жазылбаган мыйзам кээде өмүрлөрдү соолутуп, айрымдарды майып кылып, кээ бирлерин туңгуюкка түртөт.
Педагог Асылбек Жоодонбеков аң-сезимдин өзгөрбөй жатышынын тамыры билимсиздикте экенин белгилейт:
“21-кылымда жашап жатабыз. Маалымат алууга мүмкүнчүлүк көп дегенибиз менен, адамдар өздөрү кызыккан гана маалыматтарды иргеп калды. Мисалы, эркектер, деги эле айрым адамдар өзүнө жаккан гана маалыматтарды алып, адам укугу, кыздардын бактысы деген жалпы баалуулуктарды кээде билмексен болот же жөн эле четке кагып коёт. Кызыкпайт. Бул дагы негизги факторлордун бири. Эгер балдарыбыз билимдүү болсо, зомбулук болбойт, көйгөйдү укуктук аянтчада чечүүнүн аракети көрүлөт. Балдар-кыздарыбыз эркин жана билимдүү болуп өскөндө гана, өзүнүн укугун коргой алганда гана зомбулукка жол бербейт. Кыйкырып чыгат, каршы турат”.
Бийлик өкүлүнүн сынга кабылган билдирүүсү
Мойнуна дөңгөлөк асылган аял, кулак мурду кесилген келин... Бул өңдүү кейиштүү окуялардын баары Кыргызстанда болуп жатат. Соңку бир канча жылда эле ондогон зордук-зомбулук окуялары коомчулуктун үрөйүн учуруп, нааразылык жаратты. Маалымат каражаттарында токмоктолуп каза тапкан же кордук коштогон жашоодон тойгонунан өз өмүрүнө кол салган келиндер тууралуу макалалар кырдаалдын жылдан-жылга оорлоп баратканын айгинелейт.
Былтыр Улуттук статистика комитети “БУУ-Аялдар” уюмунун колдоосу менен жарыялаган “Кыргызстандын туруктуу өнүгүү максаттары жана гендер” деген баяндамада да көрсөткүч жакшы эместиги далилденип турат. Авторлор жети жылдагы маалыматтарды салыштырып, үй-бүлөдөгү зомбулукта жабыркагандардын 96% аялдар экенин аныкташкан.
Күздө Чүйдө Асел Ногойбаева аттуу келинди мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салганы коомчулукту катуу сестенткен эле. Мамлекет башчынын жубайы Айгүл Жапарова Аселден кабар алып, зомбулукту айыптаган билдирүү тараткан.
Бирок андан көп өтпөй эле Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков 2023-жылдын 20-ноябрындагы билдирүүсү менен көпчүлүктү таң калтырды. Ал Фейсбуктагы баракчасына: “Кыргызстанда аялдар кордолгон окуяларды жалпы көрүнүш катары таанытуу аракети - кайсы бир кызыкдар тараптардын саясаты”, - деп жазды.
Орунбеков кыргыздар аялзатын сыйлап, урматтап, аяр мамиле кыларын белгилеп, кыз-келиндердин зомбулукка кабылышын “миңден бир, өтө сейрек кездешкен кылмыштуу окуялар” деп атады.
Президенттик администрациянын өкүлүнүн бул сөзүнөн эки айга жакын убакыттан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев зомбулук көйгөйүнө тынчсыздануусун билдирип, мындай жагдайга кабылган кыз-келиндерди атайын кызматка кайрылууга үндөдү. Ташиев бул билдирүүнү Кадамжайда набыт болгон Айкыздын окуясынан кийин Фейсбукка жазды. Мындан улам коомчулукта “милиция маселени чече албай калды, зомбулук улуттук коопсуздук маселесине айланды” деген пикирлер айтылып жатат.
Экс-омбудсмен Атыр Абдрахматованын пикирине көңүл буралы:
“Албетте, бир жагынан аялдардын коопсуздугу улуттук коопсуздук деңгээлинде каралганы кубандырат. Анткени аялдардын корголушу балдардын да корголушуна жана эркин жетилишине шарт түзөт. Бирок бул көйгөй менен күрөшүү - Ички иштер министрлигинин милдети. Эми УКМК да үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшө баштаса, анда анын жыйынтыгына эки органдын кимиси жооптуу болот? Министрлер кабинетинин курамына кирген эки мекеменин бир милдетти аткарышы - кош функция. Башкысы, жыйынтыгы жок иш болуп калбаса болду”.
Мыйзам алсызбы?
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын билдирген.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, зордук-зомбулук тууралуу милицияга жабыркаган тарап эле эмес, күбөлөр да арыз жаза алат. Мындай учурда милиция зомбулук көргөн аялга "убактылуу коргонуу ордерин" жазып берип, тиешелүү чараларды илгиртпей көрүүгө тийиш.
“Аң-сезим өзгөрбөсө, эч кандай мыйзам көйгөйдү чечүүгө жардам бере албайт”, – дейт Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова.
2017-жылы кабыл алынган Кылмыш-жаза кодексинин "Үй-бүлөлүк зомбулук" боюнча 177-беренесине ылайык, кылмыш кылган адам эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок депутат Динара Ашимова бул чаралар жетишсиз экенин белгилеп, мыйзамдарды толуктоону сунуштап жатат:
“Он эки кодекс жана мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү сунуш кылып жатамын. Анткени азыр органдар өз ара тыгыз иштешкен система жок. Сот өзүнчө, милиция өзүнчө, прокуратура өзүнчө иш алып барат. Бири-бири менен кызматташканга мыйзамдарда так көрсөтмөлөр жок. Экинчиден, Кыргызстанда үй-бүлөнү сактап калуу маселеси менен эч ким алектенбейт. Мамлекеттик органдардын милдети - болуп жаткан чыр-чатакты тынчытып эле коюу. Андан ары эмне болот, зомбулук кайра кайталанабы же мамиле жакшы жолго коюлуп кетеби - аны менен эч кимдин иши жок”.
Кулчулук факторунун таасири
Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп аталды.
Кыргыз өкмөтү аялдарды зордук-зомбулуктан коргоого багытталган мамлекеттик программаларын кайра карап чыгууда. Тийиштүү мекемелер кылмышкерлерди колуна атайын билерик тагып көзөмөлдөөнү пландап жатканы 2023-жылдын аягында расмий маалымдалган. Бул тууралуу мыйзамды кабыл алуу зарылчылыгы белгиленген. Мындай электрондук билерик зомбулук көрсөткөн кишиге тагылып коюлат, ал каерде жүргөнү, аялга кайра барып, тынчын алган жокпу, көрүнүп турат. Юстиция министри Аяз Баетовдун айтымында, эгер сунуш колдоо тапса, шектүүнүн баскан-турганын улам көзөмөлдөп туруу үчүн бөгөт чарасынын жаңы түрү киргизилет.
Педагог Асылбек Жоодонбеков кылмыштын, өкүмзорлуктун кесепети менен күрөшүү зарылдыгына, бирок андан мурун себептерин тереңирээк изилдеп, тийиштүү чараларды кабыл алуу керектигине токтолду:
"Дагы бир маанилүү себеп - кулчулук фактору. Балдарыбызды кичинекейинен "кол тийгизип койсо боло берет", "сабап койсо боло берет", "улуулардын гана айтканы туура" деп таяк менен "тарбиялайбыз", кастык тили менен өстүрөбүз. Натыйжада балдар-кыздарыбыз баш көтөрбөй өсөт. Кулчулук аң-сезим менен өскөн адам күчтүүгө баш ийип, алсызга кордук көрсөтөт жана муну кадыресе көрүнүш катары түшүнөт. Кошоматчы адам башкалардан да кошомат күтөт эмеспи, анын сыңарындай кулчулук мүнөздө чоңойгон киши зордук-зомбулукту да көтөрөт, башкаларга да үстөмдүк кылат".
Адам укугун коргогон адистер Кыргызстанда аялдарга карата зомбулукту актаган салттуу түшүнүктөр жана социалдык стереотиптер күнүмдүк реалдуулуктун ажырагыс бөлүгү болуп калганына кабатыр.
Ушул эле көйгөй Борбор Азия чөлкөмүндөгү жана дүйнөдөгү бир катар өлкөлөргө таандык. Мындан улам ондогон мамлекеттерде аялдар демонстрацияларга чыгып, ар кандай акцияларды уюштурууга мажбур болууда.
"Өнүккөн өлкөлөрдө кайым айтышуу, талашып-тартышуу кадыресе көрүнүш. Бирок кол көтөрүү – оор кылмыш. Бирөөнү сабаган адам камалат жана жазасын тартат. А бизде андай эмес. Аялга болобу, эркекке болобу, кол көтөргөн адам жазаланышы шарт. Бул мамлекет жасай турган иш", – деп сөзүн жыйынтыктады Жоодонбеков.
Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук – көңүл бурууну жана тез арада чара көрүүнү талап кылган көйгөй. Макаланы даярдоо учурунда сүйлөшкөн эксперттердин ойлорунан мындай тыянак чыгарсак болот: зомбулукка каршы чогуу күрөшүүнүн эң зарыл жолу - маалымдуулукту жогорулатуу, жабырлануучуга колдоо көрсөтүү, зомбулукка байланыштуу маселелерди жигердүү талкуулоо жана чечүү.