Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:37

Депутат Сурабалдиева: Саясатчылар сынга чыдашы керек


Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламенттин 18-январдагы жыйынында акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылып, Кыргызстанда журналисттердин укуктары корголушу керек экенин айтты. Ал түшүндүрүү иштерин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине эмес, тескерисинче укук коргоо органдарына жүргүзүү зарыл экенин билдирди.

“Саясатта жүргөн адамдар журналисттердин сын-пикирине чыдашыбыз керек. Кыйын убакта биз журналисттерге жалдырайбыз. Мындай менин да башыман өткөн. 2005-жылдары атамды Бакиевдер аттырып кеткенде ошол эле “Азаттыкка”, 24.kg, Akipress агенттиктерине кайрылып, менин да сөзүмдү берип койгулачы деп сурангам. “Бирок андай кездерди унутуп, азыр журналисттерди куугунтуктаган туура эмес” деп айтылууда”, - деди Элвира Сурабалдиева.

Акыйкатчы Жамила Жаманбаева журналисттердин укуктары Адам укуктарынын жалпы декларациясында, Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактта, Кыргызстанда журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө мыйзамда белгиленгенин айтты.

“Журналисттердин укуктары тебеленбей, корголушу керек. Сөз эркиндиги, өз пикирин эркин айтуу биздин Конституцияда белгиленген”.

Жогорку Кеңештин 18-январдагы отурумунда бир нече депутат журналисттерге байланыштуу акыркы окуялар тууралуу маселе көтөрдү. Депутат Балбак Түлөбаев акыйкатчы медиа коомчулук менен бийликтин ортосундагы диалогго көпүрө болушу керек экенин айтты.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алды.

Алар – “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков.

16-январдын таңында Ички иштер министрлиги алардын үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирди.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникаларын алып кетип, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG