Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:52

Amnesty International камалган журналисттерди бошотууга бийликти чакырды


Кармалгандардын бири журналист Сайпидин Султаналиев Биринчи Май райондук сотунда. 17-январь, 2024.
Кармалгандардын бири журналист Сайпидин Султаналиев Биринчи Май райондук сотунда. 17-январь, 2024.

Эл аралык Amnesty International уюму Кыргызстанда журналисттердин жапырт камакка алынганына тынчсыздануу билдирди.

17-январда уюмдун сайтына жарыяланган кайрылууда “кыргыз бийлигинин иш-аракети өз оюн эркин билдирүү укугуна каршы жаңы ачык чабуул катары кабыл алынары жана өлкөнүн адам укуктары боюнча алган эл аралык милдеттенмелерине доо кетирери” жазылган.

“Башаламандык уюштуруу” жана “согушту пропагандалоо” сыяктуу бүдөмүк, негизсиз айыптоолорду коюу кылмыш иштеринин өндүрүшүндөгү өзүм билемдикти көрсөтөрү белгиленген.

"Кыргыз бийлиги башка пикирди карманган жарандарга кысымды токтотуп, кармалган журналисттерди жана өз оюн ачык билдиргени үчүн абакка кесилгендерди бошотушу керек”, - деди Amnesty International уюмунун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Мейзи Вайхердинг.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алды.

Алар – “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков.

16-январдын таңында Ички иштер министрлиги алардын үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирди.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникаларын алып кетип, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

XS
SM
MD
LG