Ошто дайынсыз жоголгон адамдын сөөгү бир айдан кийин табылды

Дайынсыз болгон адамды издөө иштеринде тартылган сүрөт.

Дайынсыз болгон адамды издөө иштеринде тартылган сүрөт.

Ош облусунун Алай районунда бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан 39 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу 17-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, 2023-жылдын 19-декабрында Жаңы-Алай айылынын тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы, ал айылды аралап өткөн каналга түшүп кетиши мүмкүн экени тууралуу 21-декабрда маалымат түшкөн.

17-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төрт куткаруучусу, Ички иштер министрлигинин эки кызматкери жана жергиликтүү 15 тургун издөө иштеринде дайынсыз болгон адамдын сөөгүн табышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Каржы пирамидасына байланыштуу 40 адам жоопко тартылдыКыргызстанда боорду алмаштыруу боюнча операцияга даярдыктар башталдыБашкыртстанда активист Фаил Алсынов төрт жылга абакка кесилдиУкраинанын бир нече аймагы ракета жана дрон менен аткыландыКыргызстанда 55 мамлекеттик дарыкана ачылдыМелис Аспеков ооруканадан кайра тергөө абагына которулдуКадамжайда бир жылда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 126 учур катталды Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү аталык укуктан ажыратылдыБишкекте тик учак кырсыгынан бир киши каза болуп, он адам жараат алды