Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:47

Бишкекте тик учак кырсыгынан бир киши каза болуп, он адам жараат алды


Тик учак кырсыгы тартылган видеодон алынган скрин сүрөт. Булак: Kaktus.media басылмасы
Тик учак кырсыгы тартылган видеодон алынган скрин сүрөт. Булак: Kaktus.media басылмасы

17-январда Бишкекте Достук кичи районуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасында Ми-8 аскердик тик учак кулап, андагы экипаждын мүчөсү каза болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бортто жалпы 11 киши болгон. Жараат алгандардын бешөө реанимацияга жаткырылды, алардын бири өтө оор абалда. Калган төрт кишинин абалы орто деп бааланууда. Дагы эки аскер кызматкери Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылды.

Министрлик тик учак кырсыгы боюнча кызматтык териштирүү баштады.

Коргоо министрлиги мунун алдында кырсык окуу-машыгуу учурунда катталганын, Кыргызстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы авариялык түрдө конууга мажбур болгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG