Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:27

Кыргызстанда 55 мамлекеттик дарыкана ачылды


“Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын Ош шаарындагы түйүнү.
“Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын Ош шаарындагы түйүнү.

Кыргызстан боюнча “Эл аман” мамлекеттик дарыканасынын 55 түйүнү ачылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин 17-январдагы жыйынында билдирди. Дагы 25 түйүн ачыла турганын, Орусиядан, Индия, Пакистан жана Өзбекстандагы заводдордон дары-дармектер алынып келингенин билдирди. Министр муктаждык болгон бардык жерлерде мамлекеттик дарыканалар ачыла турганын, “Кыргызфармация” ишканасы стационарларга дары-дармектерди заводдордон арзан баада түз сатып алып берерин билдирди.

Депутат Надира Нарматова “Эл аман” жеке менчик дарыканалар менен атаандаштыкка туруштук бере албай жатканын, айрым дары-дармектер мамлекеттик дарыканаларда жок болуп жатканын айтты. Мындан тышкары депутат эл арасында “Эл аман” айрым дарыларды жеке менчик дарыканалардан сатып алып жатканы тууралуу сөз бар экенин белгиледи.

Министр Бейшеналиев муну четке кагып, тескерисинче, менчик дарыканалар “Эл амандан” дары сатып алып жатканын айтты.

“Азыр жеке менчик дарыканалар бааларды түшүрдү. Себеби дарылар “Эл аманда” өтүп, алардыкы өтпөй калганы үчүн бааны түшүрдү. Жеке менчик дарыканаларда жок дарыларды “Эл аманга” алып келип койдук”, - деди министр.

28-октябрда “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын алгачкы түйүнү Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунда ачылган. Мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты - калкты жеткиликтүү дары-дармек менен камсыз кылуу жана баа саясатын туруктуу кармоо болуп саналат. Тургундар мында дарыларды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаментинин маалыматында, Кыргызстан дары-дармектин 97% чет өлкөдөн импорттойт. Негизинен отуздан ашык өлкөдөн ташылат. Бул жагынан биринчи орунда Түркия, андан кийин Орусия менен Индия турат. Дары-дармектер көп импорттолгон өлкөлөрдүн катарына Германия, Польша, Словения, Франция Беларус жана Украина кирет.

Мамлекеттик реестрге Кыргызстанга ташып келүүгө уруксат берилген алты миңден ашуун дары-дармек катталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн көп. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашык. Алардын теңинен көбү Бишкек шаарында жайгашкан.

XS
SM
MD
LG