Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:05

Кыргызстанда боорду алмаштыруу боюнча операцияга даярдыктар башталды


Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук хирургия борборунда. 16-январь, 2024-жыл.
Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук хирургия борборунда. 16-январь, 2024-жыл.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук хирургия борборунда болуп, Боор хирургиясы бөлүмүндөгү оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Аталган жайда боорду трансплантациялоого даярдык иштери жүрүп жатат. Бул үчүн бюджеттен 5 миллион сом бөлүнүп, оңдоо иштерин февраль айынын ортосуна чейин бүтүрүү пландалууда.

“Биз боорду трансплантациялоо операциясын жасаганы жатабыз. Бул Улуттук хирургия борборунун базасында ишке ашат. Биз борборду операцияга керектүү эң заманбап жана кымбат баалуу жабдуулар менен жабдыйбыз. Улуттук хирургия борборунун жалпы командасынан жакшы жыйынтыктарды күтөбүз”, – деп белгиледи саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Министр ошондой эле Улуттук хирургия борборунун мыкты адистери керектүү билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү алуу үчүн Түркияга стажировкага жиберилерин белгиледи. 12 адистен турган бир бригада – хирургдар, анестезиологдор, УЗИ дарыгери, лаборант жана төрт медайым түзүлдү. Кыргызстандык адистер ал жакта акысыз окутуудан өтүшөт, окуу мезгилинде бекер турак-жай жана тамак-аш менен камсыз болушат.

2023-жылдын декабрында “Азаттыкка” курган маегинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2024-жылы Кыргызстанда боорго операция жасаларын, бул өлкөдөгү ушул багыттагы алгачкы операция болорун айткан. Операция кайсы айда болору тактала элек.

Ачык булактарда Кыргызстанда боорду алмаштыруу операциясы 2014-жылы жана 2019-жылы да болгону, алардын экөө тең ийгиликсиз болуп калганы кабарланат.

Кыргызстанда боор транплантациясы ишке ашпагандан улам аталган органы жабыркаган адамдар чет жакта алмаштырышат. Анын ичинде Индияга жана Түркияга барып боорун алмаштыргандар тууралуу маалыматтар көп. Трансплантациянын акысы кымбат болгондуктан көп бейтаптар кайрымдуулук уюмдар аркылуу акча чогултуп, элден жардам суроого аргасыз болушат. (ErN)

XS
SM
MD
LG