Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:31

Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү аталык укуктан ажыратылды


Асел Ногойбаева.
Асел Ногойбаева.

Сот Бишкектин тургуну Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кескилеп салган мурдагы күйөөсүн аталык укуктан ажыратты.

Ногойбаеванын адвокаты Индира Саутова “Азаттыкка” ырастагандай, арызды 16-январда Сокулук райондук соту карады.

Айыпталуучу соттун чечимине каршы кийинки инстанцияга арыздана турганын билдирген.

Ногойбаеванын иши боюнча тергөө аяктап, 12-январда Сокулук районунда сот жараяны башталган. Учурда change.org сайтында анын мурдагы күйөөсүн өмүр бою абакка кесүүнү талап кылган кол топтоо жүрүп жатат.

20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин оор абалда ооруканага түшкөн. Шектүү кармалып, камакка алынган жана бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Үрөй учурган окуядан кийин Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылганы, кийин ага беш жолу коргоо ордери берилгени белгилүү болгон.

Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн быйыл “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган.

Мындай чечимге каршы апелляциялык арыз Чүй облустук сотунда каргашалуу окуя болгондон кийин гана, 27-сентябрда чукул каралып, пробациялык жаза сегиз жылдык абак мөөнөтүнө алмаштырылган.

Судья президенттин жарлыгы менен 1-ноябрда кызматтан алынган.

Башкы прокуратура Ногойбаеванын апелляциялык арызын караган үч судьяны жоопко тартуу боюнча Соттордун тартип комиссиясына сунуш берген. Прокуратура апелляциялык арызды кароо мөөнөтү создукканын жүйө келтирген. Тартип комиссиясы үч судьяга тең сөгүш берген.

XS
SM
MD
LG