Бишкекте Достук кичи районуна жакын жерде Ми-8 тик учагы кулады

Кыргызстандагы тик учактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

17-январда Бишкекте Достук кичи районуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасында Ми-8 аскердик тик учагы кулады. Бул маалыматты “Азаттыкка” Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы ырастап, жабыркагандар тууралуу так маалымат берген жок.

“17-январда окуу-машыгуу учурунда Кыргызстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы авариялык түрдө катуу конууга мажбур болгон. Жабыркагандар бар. Коргоо министрлигинин кызматкерлери бул окуянын чоо-жайын териштирип жатат. Тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет”, - деп айтылат Коргоо министрлигинин маалыматында.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, окуя болгон авиабазага коргоо министри Бактыбек Бекболотов барып кетти.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары учак саат 11ге чукул кыйраганын, экипаждын тагдыры азырынча белгисиз экенин жазышты. (BTo)

Дагы караңыз

2023-жылы Кыргызстанда мыйзамсыз жүгүртүлгөн 6,6 тонна баңгизат алындыПрезиденттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары алмашты Министр Кыргызстанда кызамыктан 9 бала чарчап калганын айтты24.kg агенттигинин жетекчилери дагы суракка чакырылдыКемпир-Абад иши: Абактагылар сотту ачык өткөрүү талабын кайра көтөрүштүНасипбек Керимов Энергетика министринин орун басары болуп дайындалдыСпикер Шакиев Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп эсептейт