Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:14

Министр Кыргызстанда кызамыктан 9 бала чарчап калганын айтты


Кызамык жуктурган бейтаптарды кабыл алуучу оорукана. Бишкек. Ноябрь, 2023-жыл.
Кызамык жуктурган бейтаптарды кабыл алуучу оорукана. Бишкек. Ноябрь, 2023-жыл.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда баласын кызамыкка (корь) каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткенин, бул оорудан 9 бала чарчап калганын билдирди. Бул тууралуу министр Жогорку Кеңештин 17-январдагы жыйынында айтты.

Алымкадыр Бейшеналиев диний түшүнүгүнөн улам кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткандар көп экенин, министрлик бул маселе боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен иштешип жатканын кошумчалады.

2023-жылдын декабрь айындагы маалымат боюнча, Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн кызамык оорусуна каршы 750 миң доза вакцина алынып келген.

ЮНИСЕФ уюмунун 15-декабрдагы баяндамасына ылайык, Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндө кызамыктын жайылышы 2022-жылга салыштырмалуу болуп көрбөгөндөй өскөн.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (BTo)

XS
SM
MD
LG