Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчылар менен активисттер сот отурумун ачык өткөрүү талабын кайра көтөрүштү. Алардын абактан жазган каты ушул иш боюнча айыпталып жаткан саясатчы Равшан Жээнбековдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Катта Кемпир-Абад ишин судья Марат Сыдыков мыйзамсыз эле жабык өткөрүп атканы, бул иште эч кандай мамлекеттик сыр жок экени, буга иштин материалдары да, айыптоо актылар да далил экени айтылат.
Президент Садыр Жапаровдун Элдик курултайда “Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандар кайсы бир элчиликтен акча алышканы тууралуу” сөзү жокко чыкканы кошумчаланган. “Кемпирабадчылар” ушундай эле талапты 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда да коюшту.
Садыр Жапаров 15-январда улуттук “Кабар” агенттигине курган маегинде “курултайда кайсы бир сырткы күчтөрдөн деп айтам деп, кайсы бир элчиликтен акча алган деп айтып алыпмын” деген.
Былтыр 16-декабрда экинчи Элдик курултайда Садыр Жапаров Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүү тууралуу суроолорго жооп берип жатып, алардын уюштуруучусу чет мамлекеттин элчисинен акча алганын, ошого байланыштуу сот жабык өтүп жатканын айткан.
Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып абакта жаткандар “кылмыш ишинин материалдарында Кемпир-Абад окуясына чет мамлекеттин же адамдын катыштыгы бар деген бир да факты же далил жок” экенин билдиришкен.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 28 кишинин 12и тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин 2023-жылы июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.
Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Иш “жашыруун” деген негиз менен соттук жараяндар жабык өтүп жатат. Шектүүлөр отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)