Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:42

2023-жылы Кыргызстанда мыйзамсыз жүгүртүлгөн 6,6 тонна баңгизат алынды


Кыргызстанда мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңгизаттардын бир бөлүгү. Архивдик сүрөт.
Кыргызстанда мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңгизаттардын бир бөлүгү. Архивдик сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 2023-жылы 1314 баңги кылмышы аныктап, 6 тонна 680 кг 685 г баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүдөн алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, өсүмдүк жана синтетикалык баңгизаттарды мыйзамсыз өндүрүүчү 12 жашыруун баңги лабораториялары жоюлуп, 84 кылмыштуу баңги топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган. Баңги кылмыштары боюнча издөөдө жүргөн 120 адам кармалган. Баңгизатка байланыштуу кылмыштар боюнча 95 адам жоопкерчиликке тартылган.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган 15 миллион сомдон ашык кирешени легалдаштыруу фактылары аныкталып, кылмыш иштеринин алкагында баңгизатын сатуучулардын 2 турак-жайы жана 4 унаасы аныкталган.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жыл жыйынтыгын Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин жетекчилигинде 16-январда карады. Анда Абдиев интернетте маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды колдонуу менен баңги кылмыштарын аныктоого, ошондой эле калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө басым жасады.

Кеңешменин жыйынтыгында кызматтын начар көрсөткүчтөрү үчүн 7 кызматкер дисциплинардык жазага тартылды.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 2024-жылдын 5-январында Ысык-Көл облусунун Түп шаарында баңгизат даярдалган лаборатория жок кылынганын, анда 17 килограмм 819 грамм “марихуана” жана 5 килограмм 920 грамм “гашиш” алынганын билдирген. Анда эки адам кармалган.

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун 2023-жылдын ноябрындагы маалыматына караганда Кыргызстанда 7 500 киши баңгизат колдонот деп расмий каттоодо турат. (ErN)

XS
SM
MD
LG