Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары алмашты


Илияз Ташбаев
Илияз Ташбаев

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жарлыгы менен Илияз Ташбаев президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.

Илияз Ташбаев президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн мурдагы орун басары Зарлык Тургунбаевдин ордуна барды.

Зарлык Тургунбаев кызматынан кетүү арызын 8-январда жазганын президенттин Оштогу өкүлү Элчибек Жантаев "Азаттыкка" билдирген. Буга чейин Зарлык Тургунбаев Ош облустук администрациясынын мөөрүн жеке жарандын кызматтык күбөлүгүнө басып бергени туралуу маалымат тараган. Өкүл мурдагы орун басарынын аракетин "катачылык" деп сыпаттаган. Зарлык Тургунбаев бул кызматка былтыр апрелде дайындалган.

Жаңы дайындалган Илияз Ташбаев буга чейин Мамлекттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы, Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Ош облустук администрациясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жаңы орун басар эмгек жамаатына тааныштырыла элек. (DSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG