Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин 17-январдагы жалпы жыйынында президент Садыр Жапаровго кайрылып, жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу акыркы окуялар боюнча комиссия түзүүнү сунуштады.
Дастан Бекешев журналисттердин үйүн, кеңселерин тинтүүгө алып, өздөрүн жапырт камоого жана көз карандысыз эркин медиаларга козголгон кылмыш иштерине кайдыгер карап коюуга болбой турганын айтты.
“Жалпыга маалымдоо каражаттары менен журналисттер бийликти колдоого милдеттүү эмес. Бул алардын иши да эмес. Журналисттер тескерисинче кетирилген каталарды таап көрсөтүп берип, бийлик аларга рахмат айтып оңдошу зарыл. Журналисттерди душман көрбөй коррупциялык, мыйзамсыз иштерди ачканга көмөк кылган жардамчы катары кабыл алсак. Ооба, майда-чүйдө маселелерди жаза берген да ЖМКлар бар. Алар да жоопкерчилик алышы керек. Бирок өлкөдө эркин басма сөз болушу керек. Эгерде сөз эркиндиги болбосо, эркин коом да, эркин өлкө да болбойт. Эч ким пикирин ачык айта албайт. Бийликти мактагандар көп. Бирок чындыкты айткандар аз. Ошондуктан президент комиссия түзүп, жалпыга маалымдоо каражаттары мыйзам бузуп жатабы же аларга каршы мыйзамсыз иштер болуудабы иликтеп чыксак”, - деди Дастан Бекешев.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев комиссия түзүү зарылчылыгы жок экенин, өлкөдө өздөрүн журналист деп көрсөткөн айрым блогерлер туура эмес пикир жаратып жатканын билдирди.
15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникаларын алып кетип, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.
16-январдын таңында Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүздү.
ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирди.
Шектүү катары 11 адам кармалды. Алар – “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапар Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана “ПолитКлиникада” иштеген Тыныстан Асыпбеков.
Болот Темиров “Азаттыкка” курган маегинде акыркы окуяларды анын командасынын журналисттик ишмердигине байланыштырды. (BTo)
Дагы караңыз
Израилде уурдалган сүрөттөр Белгиядан табылдыБеларус аскердик доктринасына өзөктүк куралды киргиздиCPJ: Кыргызстандагы эркин прессага каршы куугунтук токтошу зарылЭл аралык уюмдар кыргыз бийлигин журналисттерди куугунтуктаганды токтотууга үндөдүПольшалык оор жүк ташуучулар Украина менен чек арадагы акциясын токтотууга макул болуштуСөз эркиндиги: ИИМ суракка алып кеткен 11 киши камакка алынды