Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Израилде уурдалган сүрөттөр Белгиядан табылды


Антверлен шаардык сотунун имараты.
Антверлен шаардык сотунун имараты.

Белгия полициясы Пикассо менен Шагалдын уурдалган картиналарын Антверлен шаарынан тапты. Шаар бийлигинин расмий маалыматына караганда, сүрөттөр шаардагы жер төлөлөрдүн бирине катылган жана "жакшы абалда" сакталган.

Пабло Пикассонун "Баш" жана Марк Шагалдын "Сыйынып жаткан киши" картиналары Израилдин борбору Тель-Авивдеги көркөм коллекциядан 2010-жылы уурдалган. Сүрөттөрдүн жалпы баасы 900 000 долларга бааланган.

Картиналар жоголгон күнү 680 миң долларлык зер буюмдар да жоголгон. Азырынча алардын дайыны жок.

Антверлендин полициясы белгиялык жаран эки сүрөттү сатыкка чыгарып жатканы тууралуу маалыматтан соң издөөнү баштаган. Шаардык прокуратура сүрөттөрдүн уурдалышына шектелген негизги адам кармалганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG