Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Польшалык оор жүк ташуучулар Украина менен чек арадагы акциясын токтотууга макул болушту


Польша-Украина чек арасы.
Польша-Украина чек арасы.

Польшанын Украина менен чек арасындагы бир нече ири өткөрмө бекетин ноябрдан бери бөгөттөп турган польшалык оор жүк ташуучулар акциясын 17-январдан тартып токтото турууга макул болушту. Алар өкмөт сунуштаган айрым шарттарга макул болушканын билдиришти.

Польшалык айдоочулар украиналык айдоочуларга берилген жеңилдиктер жокко чыгарылышын, алар Европа Биримдигинин аймагында мурдагыдай эреже менен, атайын уруксат алып иштешин, себеби алардын айынан кирешесинин көп бөлүгүнөн, жумушунан айрылып жатышканын айтып, бекеттерди торой башташкан.

Украиналык оор жүк ташуучуларга Орусия алардын өлкөсүнө кол салгандан кийин колдоо көрсөтүү максатында Европа өлкөлөрү айрым жеңилдиктерди беришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG