Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Сөз эркиндиги: ИИМ суракка алып кеткен 11 киши камакка алынды


Милиция суракка алып кеткен журналисттер.
Милиция суракка алып кеткен журналисттер.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына бүгүн 16-январда шектүү катары жеткирилген 11 журналист, активист милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды.

Алгач камалгандар “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Максат Тажыбек уулу, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы Жоодар Бузумов жана “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы экени белгилүү болгон.

Адвокат Замир Жоошев "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялаган соңку маалыматка караганда, алар менен чогуу кармалган Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Жумабек Турдалиев жана Акыл Орозбеков да 48 саатка камалышты.

Мындан тышкары "ПолитКлиникада" иштеген Тыныстан Асыпбеков да 48 саатка камалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» аны менен телефон аркылуу байланышкан басылманын жетекчиси Дилбар Алимова билдирди.

Кармалгандардын баары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтып жатышат.

ИИМдин басма сөз кызматы “Айт Айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун баракчаларында жапырт башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деген бөлүгүнүн негизинде иш козголуп, тергелип жатканын маалымдаган.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, активисттер, юристтер Кыргызстандагы соңку окуяларга камтамасын билдирип жатышат.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде айрым техникалык каражаттарын алып кеткен жана үч кызматкерин суракка алган.

Кыргызстанда бийлик сөз эркиндиги камсыздалганын белгилеп келет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Марат Тагаев "Temirov Live" медиасынын ондон ашуун мурдагы жана учурдагы кызматкерлеринин үйү тинтилип, ИИМге күч менен суракка жеткирилишин сөз эркиндигине кысым деп эсептебей турганын билдирди. 16-январда "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында сүйлөп жатып Тагаев "Кыргызстанда журналистика майдаланып, деградацияга учурады. Кыргыз журналистикасы өзгөрүшү керек. Маалыматты толук аңдабай туруп эле аны ашыра чаап жарыялоо көнүмүш адатка айланды. Андыктан соңку окуяны басым-кысым деп айтуудан алыс болууга чакырам", - деди. (TSh)

XS
SM
MD
LG