Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Беларус аскердик доктринасына өзөктүк куралды киргизди


Виктор Хренин
Виктор Хренин

Беларустун коргоо министри Виктор Хренин 16-январда Минскиде Орусия менен тыгыз аскердик кызматташтыгына негизделип, жаңыртылган аскердик доктринанын долбоорун тааныштырды. Анда алгачкы жолу өзөктүк куралды колдонуу ыктымалдыгы тууралуу жазылган. Бул тууралуу Associated Press агенттиги маалымдады.

Беларустун коопсуздук кеңешинин катчысы Александр Вольфович Орусиянын өзөктүк куралын өлкө аймагына жайгаштыруу - НАТОнун мүчөсү Польша тараптан агрессияны токтотот деп билдирди.

БЕЛТА агенттиги шейшембиде коргоо министри Виктор Хренин Коопсуздук кеңешинин жыйыны боюнча маалымат берип жатып, журналисттерге Беларустун жаңы Аскердик доктринасынын негизги жоболору тууралуу айтканын жазды. Ага ылайык, жаңы аскердик доктрина кырдаалдын өзгөрүшүн эске алат, бирок жалпысынан "тынчтыкты сүйгөн беларус элинин мүнөзүн сактап калат".

"Беларусту бир да эл бийлигинин аракетине карабай, өзүнүн душманы деп эсептебейт, Бул Аскердик доктринанын негизги максаты", - деди Виктор Хренин.

Аскер доктринасынын долбоорунда Беларустун союздаштык милдеттенмеси тууралуу жаңы бөлүм да бар. Аны жазууда "төңкөрүш коркунучун" башынан өткөргөн Казакстандын тажрыйбасы эске алынган деп жазды БЕЛТА.

Коргоо министринин сөзүнө караганда, жаңы Аскердик доктринанын долбоору дагы иштелип, беларус парламентине бекитүүгө жиберилет.

Былтыр Кремль Беларуска тактикалык өзөктүк курал жайгаштырарын жарыялап, бирок санын ачыктаган эмес. Орусия согуш талаасында колдонууга багытталган бул куралга өзү көзөмөл кыларын билдирген. Маалыматта сөз чакан радиустагы жана кубаттуулуктагы курал тууралуу жүрүп жатканы да белгиленген.

Associated Press агенттиги Орусия Беларустун аймагын 2022-жылы 24-февралда Украинага согуш ачуу максатында плацдарм катары колдонгонун белгиледи.

XS
SM
MD
LG