ИИМ былтыр уюшкан кылмыштуу топтордун 166 мүчөсүн кармады

Кыргызстандагы абактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы милиция кызматкерлери Кыргызстанда 2023-жылы уюшкан кылмыштуу топтордун 166 мүчөсүн кармап, кылмыш ишин козгогонун билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, анын 67си кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек), үчөө Алмаз Бокушевдин, калган 96сы башка уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Атайын кызмат Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

Ички иштер министрлигинин буга чейинки маалыматтарында айтылгандай, Кыргызстанда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн уюшкан кылмыштуу үч, 1076 субъектиден турган түрдүү топтор катталган. (BTo)

Дагы караңыз

Иран Ирактын түндүгүнө жана Сирияга ракеталык сокку урдуЫсык-Көлдө күндөн энергия алуучу станция куруу мартта башталары айтылдыKG Group ишканасынан үй алгандар бийлик өкүлдөрү менен жолугуштуАкыйкатчы укук коргоо, сот жана прокуратура органдарын журналисттин укугун камсыздоого чакырды Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилдиЗеленский Давосто НАТОнун жана Еврокомиссиянын жетекчилери менен жолуктуИИМде айрым журналисттер сурак берип бүткөнү кабарланды Медиа аракеттенүү платформасы журналисттердин кармалышына байланыштуу кайрылуу жасады