Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

Зеленский Давосто НАТОнун жана Еврокомиссиянын жетекчилери менен жолукту


Владимир Зеленский жана Йенс Столтенберг.
Владимир Зеленский жана Йенс Столтенберг.

Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форум алкагында бүгүн 16-январда Украинанын президенти Владимир Зеленский алгач НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен жолукту.

Зеленскийдин айтымында, алар согуш талаасындагы абалды, Украинанын муктаждыктарын, абадан коргонуу системасын күчтөндүрүү маселесин, НАТОнун Вашингтондогу саммитине даярдыкты жана Украинанын коопсуздук кепилдиктери боюнча өнөктөштөр менен жасалып жаткан иштерди талкуулашты.

Ушул эле күндүн биринчи жарымында украин президентинин Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен жана бизнес лидерлери менен жолугушуусу өттү. Зеленский бул жолугушуу абдан жакшы өткөнүн айтты.

14-январда Давосто «Украина үчүн тынчтык формуласы» боюнча жыйын өткөн. Анда Европадагы, Азиядагы, Түндүк жана Түштүк Америкадагы 80ден ашуун өлкөнүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери жана дипломаттары Украинадагы согушту токтотуунун шарттарын талкуулашкан. Бул Украина сунуш кылган тынчтык формуласын талкуулаган төртүнчү эл аралык жыйын болду.

Зеленский өзүнүн тынчтык формуласын алгач былтыр ноябрда «Чоң жыйырманын» саммитинде жарыялаган. Ал Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү, орусиялык аскерлерди өлкө аймагынан чыгаруу, согуштук аракеттерди токтотуу, бардык камалгандарды жана кармалгандарды бошотуу сыяктуу бир нече шарттан турат. (RK)

XS
SM
MD
LG