Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Иран Ирактын түндүгүнө жана Сирияга ракеталык сокку урду


Иран 16-январга караган түнү Ирактагы жана Сириядагы бир нече жерди баллистикалык ракета менен аткылады. Reuters агенттиги маалымдагандай, Иракта бутага Эрбил шаарынан 40 чакырым аралыкта жайгашкан аймак алынды, ал жерде АКШнын консулдугу жана жай тургундар жашаган конуштар жайгашкан.

Ирандын «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу» Эрбилдин жанында “израилдик тыңчылардын борбору” жайгашканын, сокку ошолорго урулганын билдирди. Эрбил – Ирактын түндүгүндөгү күрд автоном аймагынын баш калаасы. Ал эми Сириянын түндүгүндө, Ирандын белгилешинче, бутага “Ислам мамлекети” террордук тобунун туруму алынганы кабарланды.

Күрд аймактык өкмөтүнүн коопсуздук кеңешинин маалыматына караганда, ракеталык чабуулдан төрт жай тургундун өмүрү кыйылды, дагы алтоо жараат алды.

АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалык объектилер жабыркабаганын билдирди, бирок Ирандын бул аракетин «жоопкерчиликсиз» деп айыптады.

Ирактын Тышкы иштер министрлиги 16-январда Ирандын элчисин чакыртып, нааразылыгын билдирерин, Тегерандагы элчисин чакыртып аларын айтты.

Иран аймактагы террордук уюм жок кылынганын белгилеп, бул чабуулу Кермандагы окуя үчүн жооп болгонун билдирди. Эки апта мурда Ирандын Керман шаарындагы кош жарылууда 90дой адамдын өмүрү кыйылган. (RK)

XS
SM
MD
LG