Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

Медиа аракеттенүү платформасы журналисттердин кармалышына байланыштуу кайрылуу жасады


Милиция суракка алып кеткен журналисттер.
Милиция суракка алып кеткен журналисттер.

Кыргызстандагы медиа аракеттенүү платформасы 15-16-январда көз карандысыз журналисттердин жапырт кармалышы жана алардын үйү, кеңселери тинтилгенине байланыштуу кайрылуу жасады. Кайрылууда жалпыга маалымдоо каражаттарына кысым көрсөтүү жана журналисттерди кесиптик ишмердигине байланыштуу куугунтуктоо ар бир жарандын оюн ачык билдирүүсүн, эркин ой жүгүртүүсүн, ошондой сөз жана басма сөз эркиндиги боюнча укуктарын кепилдеген Кыргызстандын Конституциясын түзмө түз бузуу (32-берене) болуп саналары белгиленген. Ошондой эле Кыргызстан укуктук жана эл аралык коомчулуктун толук укуктуу мүчөсү катары сөз эркиндигин жана массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыздоо жаатындагы бардык эл аралык стандарттарды сактоого милдеттенгени жазылган.

Кайрылуу ээлери журналисттердин үйүн жана кеңсени адвокаттардын катышуусуз тинтүү менен өлкөдөгү процессуалдык нормалар одоно бузулганын белгилешкен.

"Коррупцияга каршы күрөштө, мамлекеттик иш-аракеттердин ачык-айкындуулугуна умтулган коомдо журналисттер маанилүү миссияны аткарат. Азыр укук коргоо жана сот органдары аракетсиздик кылган учурда жарандардын адилеттүүлүк издөөдөгү акыркы үмүтү журналисттер болуп эсептелет. Көз карандысыз маалымат каражаттарын жок кылуу саясатчыларды, активисттерди, карапайым жарандарды коомчулукка жана бийликке өз үнүн жеткирүү, мыйзамдуулукка, адилеттүүлүккө чакыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат", - деп жазылган кайрылууда.

Медиа коомчулук бийликти журналисттерди кесиптик ишмердүүлүгү үчүн куугунтукту токтотууну, жарандык коомго, журналисттерге, активисттерге жана укук коргоочуларга өз ишмердүүлүгүн куугунтуктоодон коркпостон жүргүзүүгө шарт түзүүгө чакырды.

Президенттик администрацияны сөз эркиндигине олуттуу таасир эитүүчү ЖМК жөнүндө мыйзамды чакыртып алууга жана бийликти коррупция, бюрократия жана жагымсыз көрүнүштөргө каршы күрөшүү үчүн көз карандысыз маалымат каражаттары менен диалог баштоого чакырды.

Ошондой эле эл аралык коомчулукту Кыргызстандагы журналисттерге болгон куугунтуктарга көңүл буруу өтүнүчү айтылган.

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы ондой кызматкеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кеткен.

ИИМ алып кеткен журналисттердин тизмеси бул жакта.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди.

Иш Кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен тергелип жатат.

“Темиров LIVE” долбоорунун негиздөөчүсү, 2022-жылы Кыргызстандан күч менен чыгарылган журналист Болот Темиров “Азаттыкка” курган маегинде акыркы окуяларды анын командасынын журналисттик ишмердигине байланыштырды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG