Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:42

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди


Төө-Ашуу, Бишкек-Ош жолу. Иллюстрациялык сүрөт.
Төө-Ашуу, Бишкек-Ош жолу. Иллюстрациялык сүрөт.

Аба ырайына байланыштуу 16-январда саат 16:15тен тартып Бишкек-Ош жолундагы “Сосновка” өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

Аталган мекеме мурдараак Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолуна кайрадан кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылганын кабарлаган. Көчкүнүн көлөмү такталууда. Учурда Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду тазалоодо.

16-январга караган түнү саат 03:00 чамасында аталган унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол эртең менен ачылган болчу.

Бишкек-Ош жолу - Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган негизги магистрал. Жолдо Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел сыяктуу бийик, аба-ырайы катаал ашуулар бар. Бишкек-Ош жолунун Талас-Тараз багытына бурулган тарабындагы Өтмөк ашуусу да кышында көп кар жаткан бийик ашуулардын бири. (КЕ)

XS
SM
MD
LG