Автоунааларга милдеттүү түрдө видеокаттоо орнотуу мыйзамы Жогорку Кеңешке киргизилди

Иллюстрациялык сүрөт.

"Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизип, ар бир автоунаага видеокаттоо (видеорегистратор) орнотууну милдеттендирүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизилди. Бул тууралуу парламенттин январдагы күн тартиби тууралуу маалыматта айтылат.

Мыйзам долбоорун Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет карашы керек. Кайсы күнү карай турганы такталган эмес.

Документти Министрлер кабинетинин тапшырмасы менен Ички иштер министрлиги (ИИМ) иштеп чыккан. Ал 2023-жылдын 14-октябрдан тарта коомдук талкууга коюлган. Министрлик видеокаттоо орнотуу коомдук коопсуздукту чыңдоого жана айдоочулардын тартибин күчтөндүрүүгө шарт түзөрүн билдирүүдө.

Мыйзам долбооруна ылайык, өзгөртүлгөн мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Демилгечилер бул убакытка чейин айдоочулар видеорегистратор сатып алууга жетишет деп билдиришкен.

Кыргызстандын базарларында машинеге орнотулуучу видеокаттоо аппаратынын баасы 2 миң сомдон жогору турат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын апрель айында ички иштер министри Улан Ниязбековго өлкөдөгү бардык машинелерге милдеттүү түрдө видеокаттоо системасын орнотуу каралган мыйзам долбоорун даярдоону тапшырган. Ошол жылы февраль айында Жапаров милицияга жол кырсыктарын 50% азайтуу тапшырмасын берген. Автомектептерге лицензия берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформа үзүрүн бериши керектигин эскерткен.

Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылдын тогуз айында 4 миң 800 жол кырсыгы катталып, андан 489 адам мерт болду. 2022-жылы 7040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам каза болгону айтылган. (ErN)

Дагы караңыз

Активист Зарина Төрөкулова 5 жылга соттолуп, пробация менен бошотулдуБир аптада сасык тумоо менен 10 миңден ашуун адам катталды, анын 65% балдарАктивист Темирлан Ормуков кармалганы белгилүү болдуЖанар Акаев: Журналисттерди суракка алуу – сөз эркиндигине чабуулИИМ журналисттердин иши, тинтүү тууралуу маалымат берди Коюу тумандан улам Ош-Бишкек аба каттамдары кармалууда“ЖМК жөнүндө” документти ЖКнын дагы бир комитети караган жок