Жанар Акаев: Журналисттерди суракка алуу – сөз эркиндигине чабуул

Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын лидери Жанар Акаев “көз карандысыз журналисттердин үйүн тинтип, күч менен суракка алынып кетишин сөз эркиндигине чабуул” деп баалады. Бул тууралуу депутат “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Журналисттердин үйүн тинтип, аларды суракка күч менен алып баруу – бул сөз эркиндигине түздөн-түз чабуул. Ушундай окуялар журналисттерди өзүн-өзү чектегенге, саясий, коррупциялык чоң темаларды иликтөөгө жолтоо болот. Кыргызстан ансыз деле сөз эркиндиги, журналисттерге болгон куугунтук жагынан эл аралык рейтингдерди бир топ артка кеттик. Журналисттерди таңга маал барып тинтүү Ички иштер министрлигинин сөз эркиндиги, демократияга болгон жаман мамилеси. Биз бул маселени жөн койбойбуз жана аны парламентте, комитеттерде көтөрөбүз. Журналисттерге мындай мамиле болбошу керек”, - деди Жанар Акаев.

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медиа” медиасынын жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, укук коргоо кызматкерлери аларды суракка алып кетти.

“Темиров LIVE” долбоорунун негиздөөчүсү, 2022-жылы Кыргызстандан күч менен чыгарылган журналист Болот Темиров Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгогонун билдирди.

ИИМдин басма сөз кызматы бир нече журналисттин үйүн тинтүү боюнча маалымат такталып жатканын, кийинчерээк комментарий болорун кабарлады. (BTo)

Дагы караңыз

Активист Темирлан Ормуков кармалганы белгилүү болду"Темиров лайвдын" кеңсесинде тинтүү жүрүүдөИИМ журналисттердин үйүн тинтүү боюнча маалымат такталып жатканын билдирдиДепутат Кадырбеков журналисттердин окуясы президентке сөз тийгизерин айттыБир нече журналисттердин үйүндө тинтүү болуп жатканы кабарланды15-январь: 24.kg агенттигиндеги тинтүү, Жапаровдун “кемпирабадчыларга” жообу24.kg агенттигинин жетекчилери УКМКга сурак берип чыкты