Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:30

Депутат Кадырбеков журналисттердин окуясы президентке сөз тийгизерин айтты


Нуржигит Кадырбеков.
Нуржигит Кадырбеков.

Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин массалык түрдө суракка алынышы тууралуу комментарий берди. Ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, “Кыргызстанда мындан ары буга окшогон окуялар кайталанбаса жакшы болмок” деди.

“Маалымат каражаттары кээде жага турган, кээде адамга жакпай турган маалыматтарды чыгарат. Тактап-тактабай туруп эле маалыматтарды жарыялап жиберген учурлар болот. Бирок мунсуз сөз эркиндиги болбойт да. Негизгиси “бөрк ал десе баш алган” саясат болбошу керек. Бул келип-келип мамлекет башчысына зыяны тийет”, - деди ал.

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медиа” медиасынын жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, укук коргоо кызматкерлери аларды суракка алып кетти.

“Темиров LIVE” долбоорунун негиздөөчүсү, 2022-жылы Кыргызстандан күч менен чыгарылган журналист Болот Темиров Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгогонун билдирди.

ИИМдин басма сөз кызматы бир нече журналисттин үйүн тинтүү боюнча маалымат такталып жатканын, кийинчерээк комментарий болорун кабарлады. (BTo)

XS
SM
MD
LG