Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:28

"Темиров лайвдын" кеңсесинде тинтүү жүрүүдө


Азамат Ишенбековдун жана Тыныстан Асыпбектин үйүндөгү тинтүү. (Солдон оңго карай) Коллаж.
Азамат Ишенбековдун жана Тыныстан Асыпбектин үйүндөгү тинтүү. (Солдон оңго карай) Коллаж.

"Темиров лайв" медиасынын Бишкектеги кеңсесинде күч органдарынын кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу анын негиздөөчүсү Болот Темиров "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, бүгүн эртең менен үйүнөн кармалган аталган медианын директору, Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызын кеңсеге алып келишти. Темиров бул медианын учурдагы жана мурдагы бир нече кызматкерлеринин үйүндө тинтүү болуп, ИИМдин тергөө кызматына алып кетишкенин кабарлады.

"Саат алтыда тинтүү башталды. Махабат Тажыбек кызы, “Айт, айт десе" ютуб каналынын журналисттери Азамат Ишенбеков, Сапар Акунбековдун үйүндө тинтүү болду. Мындан сырткары мурда иштеп кеткен Максат жана Жумабек деген эки кызматкерди дагы ИИМдин Башкы тергөө кызматына алып кетишти. Мурда бизде иштеп кеткен, азыр башка редакцияда иштеп жаткан үч кызматкерде да тинтүү болуп жатат. Алар - Актилек Капаров, жакында "Алга медианы" ачкан, "ПолитКлиникада" иштеген Тыныстан Асыпбеков, "Арча медиада" иштеген Сайпидин Султаналиев. Ал да "Темиров лайвда" иштеген журналист болчу. Бул эртең мененки 8:30дагы маалымат. Азыр кеңсени тинтүүгө баратышат".

ИИМге жеткирилген журналисттердин катарында мурда бул командада иштеп кеткен Жоодар Бузумов жана Айке Бейшекеев бар экени кабарланууда.

Темиров муну соңку журналисттик иликтөөлөр менен байланыштырып жатат. Ал буга чейин ички иштер министри Уланбек Ниязбеков тууралуу иликтөөдөн кийин анын командасына каралоо башталганын айткан.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен кабарлагандай, күч кызматкерлери кеңсеге кирип кетишти, журналисттерди киргизген жок. Адвокат Улан Сейитбеков "Темиров лайвдын" кеңсесине кире албай калган.

16-январдын таңында Кыргызстанда бир нече журналисттин үйүндө тинтүү болуп, укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардын айрымдарын суракка алып кеткени кабарланган. Айрымдарынын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

ИИМ тинтүүлөр тууралуу азырынча маалымат бере элек.

15-январда 24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыгышкан. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо катына кол коюп бергенин айтышкан.

Атайын кызмат 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Кылмыш иштин алкагында кеңседеги компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынганы кабарланды.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. УКМК кайсы материал же маалымат боюнча иш ачылганын тактай элек.(КЕ)

XS
SM
MD
LG