Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:32

Бир нече журналисттердин үйүндө тинтүү болуп жатканы кабарланды


Азамат Ишенбековдун жана Тыныстан Асыпбектин үйүндөгү тинтүү. (Солдон оңго карай) Коллаж.
Азамат Ишенбековдун жана Тыныстан Асыпбектин үйүндөгү тинтүү. (Солдон оңго карай) Коллаж.

16-январдын таңында Кыргызстанда бир нече журналисттин үйүндө тинтүү болуп, укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардын айрымдарын суракка алып кеткени кабарланды.

Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын, бул командада иштеген журналист Сапар Акунбековдун Бишкектеги үйлөрүндө, ушул эле долбоорлордо иштеген Азамат Ишенбековдун Токмоктогу үйүндө тинтүү болуп жатканын жазды.

Ал эми Сапар Акунбековду милиция Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка алып кеткенин билдирди. Анын маалыматы боюнча, ИИМ “массалык башаламандыктарга чакыруу” айыбы менен кылмыш ишин козгогон.

Милиция дагы бир эркин журналист, “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы кызматкери Актилек Капаровду да суракка алып кеткени белгилүү болду.

Ушул эле күнү ИИМдин кызматкерлери “Полит Клиника” басылмасынын журналисти Тыныстан Асыпбектин да үйүн ушул эле кине менен козголгон иш боюнча тинтип жатат. Бул тууралуу басылманын директору Дилбар Алимова билдирди.

ИИМ 16-январдын таңындагы тинтүүлөр тууралуу азырынча маалымат бере элек.

15-январда 24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыгышкан. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо катына кол коюп бергенин айтышкан.

Атайын кызмат 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Кылмыш иштин алкагында кеңседеги компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынганы кабарланды.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. УКМК бирок кайсы материал же маалымат боюнча иш ачылганын тактай элек.

Буга чейин Махинур Ниязова иш “Украинадагы согуш боюнча жазылган макалага” байланыштуу экенин айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG