Орусия Түндүк Корея менен байланышын бекемдөө тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүдө

Сергей Лавров жана Чхве Сон Хи.

Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Чхве Сон Хи иш сапар менен Орусияга барганын Пхеньяндын мамлекеттик маалымат агенттиги 15-январда билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана башка жетекчилер менен жолугушуулар пландалган.

Эки өлкө ортосунда соңку кезде экономикалык, саясий жана аскердик кызматташтык активдешүүдө.

Серепчилер белгилегендей, Кремль Украинага кол салып, эл аралык изоляцияда кала баштагандан бери Түндүк Кореяга ыктап, байланышын бекемдөөгө аракет кылууда.

Дүйнөнүн элүү чакты өлкөсү 9-январда Орусия Украинага Түндүк Кореядан алган баллистикалык ракеталар менен чабуул койгонун айыптап чыгышкан. Бул үчүн орус бийлигин жоопко тартуу талап кылынарын билдиришкен. (RK)

Дагы караңыз

Украина Орусиянын А-50 жана Ил-22 учактарын жок кылганын билдирдиБишкекте дайынсыз жоголгон беш жашар баланын сөөгү табылды Үч адамдын өлүмү: Аширалиевди өмүр бою эркинен ажыраткан чечим күчүндө калды УКМК кармаган Маммүлктүн директорунун орун басары кызматтан алынды