Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:33

Бишкекте дайынсыз жоголгон беш жашар баланын сөөгү табылды


Издөө иштери учурунда тартылган сүрөт ӨКМге таандык.
Издөө иштери учурунда тартылган сүрөт ӨКМге таандык.

Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо конушунда дайынсыз жоголуп, изделип жаткан 5 жаштагы баланын сөөгү табылды.

Сөөктү 15-январь күнү, саат 15:57де Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары конуш четиндеги суудан таап, ата-энесине жана милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Маалыматка ылайык, аутизмден жабыркаган А. А. аттуу наристе 14-январь күнү Мурас-Ордо конушунда дайынсыз жоголгон. Баланы издөөгө ӨКМдин 17 куткаруучусу менен чогуу милиция кызматкерлери, жергиликтүү тургундардан ыктыярчылар тартылган.

Ички иштер министрлиги былтыр дайынсыз жоголгон 150 адам табылганын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG