Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:31

Үч адамдын өлүмү: Аширалиевди өмүр бою эркинен ажыраткан чечим күчүндө калды


Чынтемир Аширалиев.
Чынтемир Аширалиев.

Бишкек шаардык соту үч адамды өлтүргөн деп айыпталган Чынтемир Аширалиевди мүлкүн конфискациялоо менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратуу тууралуу Октябрь райондук сотунун чечимин 15-январда күчүндө калтырды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Жараянда Чынтемир Аширалиев окуя болгон күн эсинде жок экенин, “балдарды ал өлтүрбөгөнүн” айтып, жазасын жеңилдетүүнү өтүнгөн.

Бишкектин Октябрь райондук соту аны 2023-жылы ноябрда өмүрүнүн акырына чейин абакка кескен. Судьянын чечимине ылайык, ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Ошондой эле жабырлануучуга 671 миң сом төлөп берүүгө, моралдык чыгым катары андан үч миллион сом өндүрүүгө милдеттендирген.

Айыпталуучунун адвокаты райондук соттун чечимине каршы апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Былтыр февралда 51 жаштагы Алтынай Канзаманова аттуу аял, анын 17 жаштагы кызы менен жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган.

Ал соңку парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, алты миңден ашык добуш алып, утулуп калган. Аширалиев ага чейин Улуттук коопсуздук комитетине караштуу мамлекеттик күзөт системасында 15 жыл иштеп, майор чинин алган. (BTo)

XS
SM
MD
LG