Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:24

Украина Орусиянын А-50 жана Ил-22 учактарын жок кылганын билдирди


 A-50 учагы. Архивдик сүрөт.
A-50 учагы. Архивдик сүрөт.

Украинанын Аскердик аба күчтөрү Орусиянын эки учагын жок кылганын 15-январда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн командачысы Валерий Залужный билдирди. Анын айтымында, алыстан аныктоочу радиолокациялык А-50 учагы жана Ил-22 абадан башкаруучу пункту жок кылынды.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары кечээтен бери жазып жатышкан, бүгүн Украина расмий тастыктаган бул маалымат боюнча Орусия азырынча комментарий бере элек.

«Куралдуу күчтөргө Азов аймагында эң мыкты пландалган жана ишке ашырылган операциясы үчүн ыраазычылык билдирем!» — деди Залужный Telegram каналындагы билдирүүсүндө.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков жок кылынганы айтылып жаткан учактар тууралуу кабары жок экенин, Коргоо министрлигине кайрылуу керектигин айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG