Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:26

УКМК кармаган Маммүлктүн директорунун орун басары кызматтан алынды


Канат Рыскулов.
Канат Рыскулов.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген шек менен кармаган Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Рыскулов кызматтан бошотулду.

Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 15-январда билдирди. Премьер-министр бул кызматка Темирлан Баймурзаевди дайындады.

2023-жылы декабрда атайын кызмат Канат Рыскулов Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине шек саналып кармалганын билдирген.

Мекеменин басма сөз кызматы мамлекеттик органдардын жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин балансында турган мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталганын кабарлаган.

Канат Рыскуловдун жакындары менен адвокаты комментарий бере элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG