Эл аралык басма сөз институту 24.kg агенттигиндеги тинтүүнү айыптады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg агенттигинин башкы директору Асел Оторбаеваны алып кетип жаткан учур. 15-январь, 2024-жыл

Баш кеңсеси Венада жайгашкан Эл аралык басма сөз институту (IPI) 24.kg басылмасынын айланасындагы окуяларды айыптады. Бул тууралуу 15-январда уюмдун X соцтармагындагы баракчасына жарыяланды.

"IPI бүгүн эртең менен 24.kg агенттигинин кеңселериндеги тинтүүлөрдү жана жабдууларды конфискациялоону айыптайт. Коопсуздук күчтөрү маалымат каражаттарынын жетекчилигин суракка алуу үчүн да кармап, маалымат агенттигине каршы "согушка үгүттөө" менен кылмыш иши козголгону кабарланууда", - деп жазылган анда.

15-январда Бишкекте 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесин тинтүүгө алган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери басылманын башкы директору Асел Оторбаеваны, редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды алып кетишти. Ошондой эле басылманын кеңсеси жабылып, мөөр басылды. Кеңседеги компьютерлер да чыгарылып кеткени кабарланды.

Мекеменин басма сөз кызматы 24.kg басылмасын тинтүүгө байланыштуу билдирүү таратып, медиада Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси – “согушту пропагандалоо” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тинтүү жүргөнүн маалымдады.

Былтыр сентябрда Орусиянын Роскомнадзор мекемеси 24.kg сайтынын жаңылыктар бөлүмүнө бөгөт койгон. (ZKo)

Дагы караңыз

Украина Орусиянын А-50 жана Ил-22 учактарын жок кылганын билдирдиБишкекте дайынсыз жоголгон беш жашар баланын сөөгү табылды Үч адамдын өлүмү: Аширалиевди өмүр бою эркинен ажыраткан чечим күчүндө калды Элчи Анкара кыргыз-тажик чек ара маселеси чечилишин колдой турганын айттыӨкмөт “Керемет Банкты” Улуттук банктан сатып алууну көздөп жатат