Бишкек шаардык соту үч адамдын өлүмү боюнча ишти кароону улантты

Чынтемир Аширалиев. Сүрөт ИИМден алынды.

15-январда Бишкек шаардык соту үч адамды өлтүргөн деген шек менен өмүрүнүн акырына чейин соттолгон Чынтемир Аширалиевдин ишин кароону улантты.

Отурумда соттолуучунун адвокаты “тергөө органдарында анын кардарынын күнөөсүн ырастаган далилдер жок экенин” айтып, “сот коомчулуктун басымы менен гана акыйкатсыз өкүм чыгарып койгонун” белгиледи. Ал соттолуучуну актоону суранды. Чынтемир Аширалиев окуя болгон күн эсинде жок экенин кайталап, “бирок балдарды ал өлтүрбөгөнүн” айтып, жазасын жеңилдетүүнү өтүндү.

Жабырлануучулардын адвокаты Искендер Журабаев муну “жоопкерчиликтен качуу” дап атап, "соттолуучунун күнөөсү толук далилденгенин жана биринчи инстанция адилеттүү өкүм чыгарганын” билдирди. Ал соттон жазаны жумшартпоону жана өкүмдү өзгөртпөөнү суранды.

Прокурор да биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырууну өтүндү. Мындан соң соттук коллегия тыныгуу алды.

Бишкектин Октябрь райондук соту Чынтемир Аширалиевди ноябрь айында мүлкүн конфискациялоо менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыраткан. Судьянын чечимине ылайык, ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Ошондой эле жабырлануучуга 671 миң сом төлөп берүүгө, моралдык чыгым катары андан 3 миллион сом өндүрүүгө милдеттендирген.

Чынтемир Аширалиев ага чейинки соттук териштирүүдө баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартып, күнөөсүн мойнуна алган эмес. Кийин анын адвокаты Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Экинчи инстанциядагы алгачкы отурум 20-декабрга белгиленип, ал күнү соттолуучунун адвокаттары келбей калган.

2023-жылдын февралында 51 жаштагы Алтынай Канзаманова аттуу аял, анын 17 жаштагы кызы менен жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган.

Ал соңку парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, алты миңден ашык добуш алып, утулуп калган. Ага чейин Улуттук коопсуздук комитетине караштуу мамлекеттик күзөт тармагында 15 жыл иштеп, майор чинине чейин жеткен. (ErN)

Дагы караңыз

24.kg басылмасын тинтүү: УКМКнын кызматкерлери Асел Оторбаева менен Махинур Ниязованы алып кеттиКемпир-Абад иши: Президент курултайда элчилик боюнча туура эмес айтып алганын билдирдиБалыкчыда балык саткан соодагерлер аларды көчүрүүгө каршы чыкты ӨКМ: Тоолуу жолдордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн24.kg басылмасынын кеңсеси тинтүүгө алынып жататСадыр Жапаров 1-январда аянтка илинген тууну демөөрчүлөр жасаганын айтты