Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:32

Садыр Жапаров 1-январда аянтка илинген тууну демөөрчүлөр жасаганын айтты


“Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко 1-январда илинген желек.
“Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко 1-январда илинген желек.

Президент Садыр Жапаров 1-январда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко макулдашылбай илинген туу боюнча комментарий берди. Мамлекет башчы 15-январда улуттук “Кабар” агенттигине курган маегинде “Ала-Тоо” аянтына илинген желекти демөөрчүлөр жасап бергенин, кийинчерээк ал өкмөт бекиткен желекке алмаштырылганын айтты.

“Биринчи январда илинген желектен трагедия издештин кереги жок. Мэрияга мекенчил демөөрчүлөр тарабынан жасалып келген жаңы желекти илели деген сунуш болгон экен. Мэрия макул деп жаңы желекти көтөртүп коюптур. 8-январь күнү Жогорку Кеңеш дыкат карап, берилген сунуштарды эске алып толуктап, 3 окууда кабыл алып берген, андан соң өкмөттүн токтому менен бекитилген жаңы желек расмий түрдө көтөрүлдү. Болду го эми, желек боюнча талкууну токтотолу”, - деген президент кайсы демөөрчүлөр экенин тактаган жок.

Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктар, инвесторлорду коргоо боюнча бир катар суроолорго жооп берген. Президент жергиликтүү бай ишкерлер чет өлкөлөрдөгү банктарда сакталып турган акчасын Кыргызстандын экономикасы үчүн сарптоо менен мүлктөрүн легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушарын белгиледи.

1-январда Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына жана айрым мамлекеттик мекемелердин имараттарына күндүн кырк нуру түндүккө бириктирилген варианттагы желек илинген. Коомчулукта бул кызуу талкууланган соң, 8-январда башкы аянтка Жогорку Кеңеш кабыл алып, өкмөт токтом менен бекиткен варианттагы туу илинген.

Бишкек мэриясы ошол учурда “Ала-Тоо” аянтындагы желекти шаардык бийлик алмаштырбай турганын, бул үчүн Коргоо министрлиги жооп берерин кабарлаган.

Декабрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам кабыл алынып, ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон. Ал 26-декабрда мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирген.

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, “туудагы күн нурлары күн карамага окшош жана түндүктөгү чамгарак туура эмес” деген жүйөнү келтирген.

Кыргызстандын биринчи мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки жылы - 1992-жылдын 3-мартында легендарлуу парламенттин токтому менен кабыл алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG