Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:26

ӨКМ: Тоолуу жолдордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн


Төө-Ашуу ашуусундагы жол тазалоочулар. Архивдик сүрөт.
Төө-Ашуу ашуусундагы жол тазалоочулар. Архивдик сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы жолдордо кар көчкү түшүүсү ыктымалдыгын билдирүүдө. Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бел ашуусунда, Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымдарында, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда жана Красная-Горка - Акташ унаа жолунда кар көчкү түшөт жана кар күрткү чогулат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Министрлик айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону эскертүүдө.

Ушул тапта Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолу кар көчкү коркунучуна байланыштуу 15-январдан тарта түнкү саат 00:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин аба ырайы турукташканча убактылуу жабылды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG