Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

24.kg басылмасын тинтүү: УКМКнын кызматкерлери Асел Оторбаева менен Махинур Ниязованы алып кетти


Махинур Ниязова (солдо) менен Асел Оторбаева (оңдо) укук коргоо органдарынын автоунаасына отурган маалы. 15-январь, 2024-жыл.
Махинур Ниязова (солдо) менен Асел Оторбаева (оңдо) укук коргоо органдарынын автоунаасына отурган маалы. 15-январь, 2024-жыл.

Бүгүн, 15-январда Бишкекте 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесин тинтүүгө алган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери басылманын башкы директору Асел Оторбаева менен редактору Махинур Ниязованы алып кетишти. Бул тууралуу окуя болгон жерден “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.

Атайын кызматтын өкүлдөрү журналисттер кармалган-кармалбаганын, же суракка алынар-алынбасын тактабай, атайын автоунаага отургузушту. Басылманын кеңсеси жабылып, мөөр басылды. Кеңседеги компьютерлер да чыгарылып кеткени кабарланды.

Күч кызматкерлеринин өкүлдөрүнүн коштоосунда автоунаага кирип бараткан маалда Асел Оторбаева кыскача комментарий берип, аларга кылмыш иши козголгонун билдирди. Махинур Ниязова иш “Украинадагы согуш боюнча жазылган макалага” байланыштуу экенин айтууга үлгүрдү. Андан соң укук коргоо органдары машиненин эшигин жаап, жүрүп кетишти.

24.kg маалымат агенттиги Оторбаева менен Ниязовадан тышкары басылманын редактору Антон Лымарды да алып кетишкенин жазды.

Бул тинтүү жана козголгон кылмыш иши боюнча укук коргоо органдары расмий билдирүү тарата элек.

24.kg маалымат агенттигинин кеңсесин тинтүү 15-январда түшкө чейин башталган. Басылманын өкүлдөрү тинтүүнү УКМКнын кызматкерлери жүргүзүп жатканын билдиришкен.

Басылмадан билдиришкендей, тинтүүнүн алгачкы саатында “Медиа Полиси” институтунун жана “Адилет” укуктук клиникасынын юристтери менен адвокаттары кеңсеге киргизилбей жаткан. Кийин айрымдары киргизилген. Эшик учкай ачылган маалда басылманын компьютерлери коридордо тизилип турганы көрүнгөн.

2023-жылдын март айында 24.kg маалымат агенттигинин эки кызматкери атайын кызматтын Бишкек шаардык башкармалыгында суракта болуп чыккан. Анын бири басылма жайгашкан имаратта бомба коюлганы тууралуу кабарга, экинчиси 24.kg сайтына чыккан видеого байланыштуу болчу.

2023-жылдын октябрь айында УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиевди кармаган маалда, аны 24.kg басылмасы менен байланыштыргандар чыккан. Буга басылманын кеңсеси ошол маалга чейин Бакчиев ээлик кылган Red Centre борборунда жайгашканы да негиз катары көрсөтүлгөн. Ал кармалган соң, 27-октябрда басылма башка жакка көчүп кеткен.

24.kg сайтынын башкы директору Асел Оторбаева “Азаттыкка” берген комментарийинде Бакчиев менен дос болгонун ырастап, бирок ал эч качан медиага ээлик кылбаганын тактаган.

24.kg – Кыргызстанда интернет тармагында гана иш алып барган көз карандысыз медиа. Ал 2006-жылы Юстиция министрлигинен маалымат агенттиги катары каттоодон өткөн. Негизинен кыска жаңылыктарды жазуу менен алектенген сайт мындан сырткары кенен макалаларды, журналисттик иликтөөлөрдү, фото-видео репортаждарды, графикалык жана башка форматтагы материалдарды жарыялап турат. Агенттиктин басма сөз жыйынын өткөрчү аянтчасы да бар.

Былтыр сентябрда Орусиянын Роскомнадзор мекемеси 24.kg сайтынын жаңылыктар бөлүмүнө бөгөт койгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG