Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

24.kg басылмасынын кеңсеси тинтүүгө алынып жатат


24.kg басылмасынын кеңсесин жаап турган укук коргоо кызматкерлери. 15-январь, 2024-жыл.
24.kg басылмасынын кеңсесин жаап турган укук коргоо кызматкерлери. 15-январь, 2024-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Бишкекте 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесин тинтүүгө алып жатат. Бул тууралуу аталган медианын сайтында маалымат чыкты.

Басылмадан билдиришкендей, “Медиа Полиси” институтунун жана “Адилет” укуктук клиникасынын юристтери менен адвокаттары кеңсеге киргизилбей жатат. Текшерүүгө эмне себеп болгону белгисиз.

“Азаттыктын” кабарчысы жеринен кабарлагандай, кеңсенин эшиги жабык турат. Анда турган укук коргоо кызматкерлери эч кимди ичкери киргизбей жатышат.

2023-жылдын март айында 24.kg маалымат агенттигинин эки кызматкери УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында суракта болуп чыккан. Анын бири басылма жайгашкан имаратта бомба коюлганы тууралуу кабарга байланыштуу болсо, экинчиси 24.kg сайтына чыккан видеого байланыштуу болчу.

2023-жылдын октябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиевди кармаган маалда, аны 24.kg басылмасы менен байланыштыргандар чыккан. Буга басылма ошол маалга чейин Бакчиев ээлик кылган Red Centre борборунда жайгашканы да негиз катары көрсөтүлгөн. Ал кармалган соң, 27-октябрда басылма башка жакка көчүп кеткен.

24.kg сайтынын башкы директору Асел Оторбаева “Азаттыкка” берген комментарийинде Бакчиев менен дос болгонун ырастап, бирок Бакчиев эч качан медиага ээлик кылбаганын тактаган.

Былтыр сентябрда Орусиянын Роскомнадзор мекемеси 24.kg сайтынын жаңылыктар бөлүмүнө бөгөт койгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG