Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 2023-жылдын декабрь айында чет өлкөлөрдө каза болгон 19 кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине алып келүүгө жардам берди. Бул тууралуу мекеменин өткөн жылдын декабрь айындагы иши тууралуу маалыматта айтылат.
Буга чейин министрлик 2023-жылы чет өлкөлөрдөн мекенине 500дөн ашык кыргызстандыктын сөөгү алынып келгенин, алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан, калгандары Түштүк Кореядан, Түркиядан, Казакстандан алынып келгенин билдирген.
Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, 2022-жылы чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын, 2021-жылы 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп келген.
Дагы караңыз
Давосто Украинанын "тынчтык формуласы" талкууландыОрусия: Владивостоктун мурдагы мэри түрмөдөн Украинадагы согушка кеттиТүндүк Корея Жапон деңизин көздөй ракета учурдуБишкекте балдардын тез жардам ооруканасында эки жашар бала чарчап калды MBank кардарлардын акчасынын жоголушуна түшүндүрмө бердиКыргызстандык мугалимдер IMPACT олимпиадасында байгелүү орун алды
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын 800 миң жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. Бейрасмий маалыматтарда чет жактагы мигранттар 1 миллиондон ашат. Алардын көбү Орусияда. (BTo)