Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Кыргызстандык мугалимдер IMPACT олимпиадасында байгелүү орун алды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Алматыда өткөн эл аралык Жаутыков олимпиадасы менен катар уюштурулган IMPACT олимпиадасында кыргызстандык төрт мугалим байгелүү орундарды алды.

Бул тууралуу Билим жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Математика, физика жана информатика мугалимдеринин жана машыктыруучулардын мелдешинде кыргызстандыктар бир алтын, эки күмүш жана беш коло медалга ээ болушту.

"Сапат" билим берүү мекемесинин физика мугалими Худайберди Гурдов алтын, ушул эле мекеменин информатика мугалими Талант Арыстанов күмүш, "Газпром Кыргызстан" мектебинин машыктыруучусу Мамат Ишматов математикадан күмүш, "Сапаттын" физика мугалимдери Азат Исмаилов менен Доктурбек Кудашов коло медал тагынышты.

Ал эми XX Эл аралык Жаутыков олимпиадасында барган кыргызстандык окуучулар математика, физика жана информатика боюнча төрт күмүш медаль, 13 коло медаль жеңип алышты.

Олимпиада 8-январдан 13-январга чейин Казакстандын Алматы шаарында өтүп, ага 16 өлкөдөн 700дөн ашуун окуучу катышкан.

Казакстандын Билим берүү министрлиги жалпысынан 344 медал ойнотулганын, командалык эсепте орусиялык жана казакстандык мектептер алдыңкы орундарды ээлегенин билдирди.

Калыстар тобуна Казакстан, АКШ, Орусия, Армения, Беларус, Түштүк Корея жана Кытайдан адистер кирип, казак Улуттук академиясынын вице-президенти Аскар Жумадилдаев төрагалык кылды.

Жаутыков олимпиадасы физика, математика жана информатика сабактарына багытталган. (SE)

XS
SM
MD
LG